Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.
Ал дарыгерлердин сунушу менен текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага кечээ жаткырылды.
Клара Сооронкулова клиникага которулуп, операция жасалат деген маалыматты анын жактоочусу Чынара Жакупбекова да тастыктады.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Клара Сооронкулованын камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.
Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.
Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.