Домой Аналитика Бишкек шаардык кеңешке кайрадан шайлоого катышуу үчүн 16 партия катталды

Бишкек шаардык кеңешке кайрадан шайлоого катышуу үчүн 16 партия катталды

81

Бүгүн, 9-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 16 партия катталды. Бул туралуу Кабар агенттигине Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдирген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, төмөнкү партиялар каттоодон өтүүгө укуктуу:

  1. «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
  2. «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
  3. «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Омуракунов;
  4. «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;
  5. «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси А.Маткеримов;
  6. «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси А.Осмонов;
  7. «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
  8. «Жаны мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;
  9. «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
  10. «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
  11. «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
  12. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
  13. Жашыл Кыргызстан партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
  14. “Күч бирдикте коомдук саясий партиясы” — партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;
  15. «Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М.К. Орозбаев;
  16. «Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова.

Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.