Россияда миграттардын жүрүү мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды.
Тиешелүү документке президент Владимир Путин кол койду. Ага ылайык, ушул убакка чейин документтерин узарта албай калган чет элдиктер Россиядан депортацияланбайт. Буга чейин документ 2020-жылдын декабрына чейин болсо, ал 15-июнга чейин узартылган.
Кошумчаласак, былтыр декабрдагы маалымат боюнча Россия аймагында 600 миңден ашык чет элдик мигрант жашайт.