Домой Саясат Равшан Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Равшан Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

25

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Президенттин кеңешчиси Равшан Сабиров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматка караганда, Сабиров 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша турганына байланыштуу кызматын тапшырды.