Домой Коом Өлкөдө көмүрдүн баасы 3 ай мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт

Өлкөдө көмүрдүн баасы 3 ай мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт

85

Өлкө аймагында көмүрдүн баасы 3 ай, тагыраагы 90 күн мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

«Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды«, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин көмүрдүн баасы көтөрүлүп жатканы айтылып келген