Бүгүн, 21-ноябрда Альянс партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп чыккан Токтобүбү Оргалча айым алыскы Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын шайлоочулары менен жолугушту. Токтобүбү айым Ат-Башыда соода кылып жаткан мал базардагы калың элди аралап үгүт жүргүздү. Ал улуу ҮРКҮНдө ата-бабалары дал ушул Ат-Башыдан Кытайга эл менен бирге качышканын айтып, элдин кызыккан суроолоруна жооп берди. Үркүндөн бери бир кылым өтсө да, ата-бабаларынын тарыхый жерине кайрылып келип, ийгиликтүү ишкер катары кыргыз элине кызмат кылып жатканын маалымдады.
-Башыдан соң Нарын шаарынын шайлоочулары менен Муратбек Рыскулов атындагы облустук театрдын алдында жолугушу өткөрүп, элге өзү жана Альянс партиясынны программасы тууралуу айтып берди. Токтобүбү айым, тоолук элдин суроолоруна жооп берди. Жолугшууга келгендер Т. Оргалча айымдын буга чейин элге жасаган иштерин өз ооздорунан угуп, ыраазы болушуп, колдой тургандыктарын билдиришти.
Эске сала кетсек, талапкер Токтобүбү айым эки күн мурун Токмок шаарынын шайлоочулары менен жолугушкан. Токмок эли Оргалча айымды колдой тургандыктан буга чейин эле билдирип келишкен. Анткени, Т. Оргалча акыркы бир жарым жылдан бери Токмок шаарында Татарстандын «КАМАЗ» компаниясы биргеликте заманбап үлгүдөгү автобустарды курап чыгаруу боюнча завод ачуу алдында турат. Бул завод жылдын аягына чейиин ишке кирмекчи. Буйруса, завод иштеп баштаса, 200дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болмокчу.
АЛЬЯНС — 3, Токтобүбү Оргалча — 4
Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы
Нускасы: 1
Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 21-ноябры
«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).