Домой Саясат Абакиров Илисбек: Шайлоого барбаган адам, бийликти критикалаганга моралдык укугу жок

Абакиров Илисбек: Шайлоого барбаган адам, бийликти критикалаганга моралдык укугу жок

595

Урматтуу кыргыз элим, биздин шайлоочулар!

“Бетеге кетип бел калат,бектер кетип эл калат” деп кыргыз элинин залкар акындарынын бири Барпы Алыкулов айтып өткөн экен. Ал киши арабызда жок, бирок айткан сөздөрүнүн мааниси эскирбей эле, кайрадан азыркы биз жашап турган күндөрдө өтө актуалдуу. Бектер кетип, келип жатышат, бирок элдин үмүтү өчкөнсүп, сабыры азайгансып, “алдыдагы кыргыз элибиздин тагдыры эмне болот”- деп ойго түшкөндөй.

Жыл сайын өткөн ар кандай бийликтин тепкичтерине шайлоолор бизнеске айланып, келечекти ойлобой, кадимки эле базардагы соодалашуу жолу менен чечилип калды.

Ал эми ошондой жол менен шайланып келген эл өкүлдөрүбүз мамлекеттин келечегине залакасын тийгизген, бир кишинин он чакты добуш берүүчүнүн кнопкасын басып койгон жолдор менен ачык эле, элден коркпой эле кабыл алынып калды. Жоопкерчилик жок!
“Шайлооңор менен ары баргыла” деген кишилер азыр аз эмес, түшүнөбүз, бирок, “сабырдын түбү сары алтын” демекчи, КАДЫРЛУУ КАЛКЫМ ! Ачууга алдырбайлы! Таза шайлоо өтүүгө жана таза депутат шайлап алууга жакшы шарт түзүлүүдө! Кандай кылсанар да, кимди шайласанар да, мамлекеттин, келечектин тагдыры сиздердин, элдин колунда! Бийлик элдики деп ушуну айтат, демек шайлоого барбаган адам, бийликти критикалаганга моралдык укугун дагы жоготот, себеби ал кишиге мамлекеттин келечегин оңдоого добуш берүүгө чакырылган, демек парзыбызды эл астында аткарышыбыз керек!
Депутат “ элдин алаканына нан салып бербейт”, биздин берген гумжардам менен эл байыбайт, ал убактылуу нерсе! Бирок элди кыйноого алып келбеген мыйзамдарды кабыл алуу-бул депутаттын түздөн түз иши,милдети!
Мен өзүм” Ишеним” партиясы менен №41чи болуп катталып, шайлоого аттандым. Жаштыгым артта калды, өзүм үчүн иштедим, балдарым чоңойду, эми элим, мамлекетим үчүн иштейин деп чечтим. Себеби мыйзам аткарылбаган мамлекеттен күчтүү,билимдүү жарандарыбыз чет жака кетүүдө, инвесторлор “ колду шилтеп” артты карап кетишет. Ошондуктан бийлик силердин колуңарда, урматтуу кыргыз элим! Үмутүңөрдү жакшылыктан үзбөгүлө, алдыга ишенич менен кадам салалы!

 

Сиздер менен мен Абакиров Илисбек, №9 “Ишеним” партиясынын тизмесинде №41 катарындагы талапкер, Жогорку кеңештин шайлоосуна келип, добушуңарды берүүгө өтүнөм! Чон рахмат!

Буйрутма “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).