Домой Саясат Райымбек Матраимов жеке клиникалык ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болду

Райымбек Матраимов жеке клиникалык ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болду

37

Бажы кызматынын төргасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Бикард” жеке клиникалык  ооруканасында дарыланып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган клиниканын башкы дарыгери  Дамир Осмонов “Кактус.медиа” сайтына билдирген.

Дарыгер Матраимовдун азыркы абалы туруктуу эмес экенин жана ага коронарографиядан өткөндөн кийин, анын жүрөгүнө операция жасоо оор экенин да кошумчалаган.

Акыркы учурда Матраимовдун жүрөгүнө операция жасаларын  жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан.