Башкы прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобил, суу транспорту жана салмак-көзөмөл агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалуулук) беренелеринин негизинде кылмыш ишин козголду. Маалыматка караганда, Кыргыз транспорт прокуратурасы мекеменин ишин текшерип чыккан. Агенттиктин Ош аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, “Эркештам” транспорт көзөмөл жайынын башчысы жана башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, былтыркы жыл аралыгында 651 жүк ташууучу автоунаага бир жолку атайын уруксат кагазын берип, мыйзам бузган.
Коррупцияга барган бул жетекчилер күнүмдүк турмушка керектүү товарлардын көлөмүн аз көрсөтүп, мамлекетке ири суммадагы каражат түшпөй калган.
Ошондой эле прокуратура Бишкек-Ош жолундагы оңдоо иштеринде да ири суммадагы акча уурдалганын аныктап чыкты. Маалыматтарга караганда №9 Жол тейлөө ишканасы жол оңдоодо 1 млн. 219 миң сомду кымырып алган. Маалыматтарга караганда, 2017-жылы аталган ишкана Бишкек-Ош жолунунун 132-138-чакырымдарында курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзгөн. Анын документтеги сметалык баасы 24 миллион 345 миң деп жазылган. №9 жол оңдоо ишканасынын кызмат адамдары жалдануучу фирмалар менен өз ара келишип алып, жол-курулуш эрежелерин сактабай, жогорулатылган баада асфальт баскан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков күч структуралардын, соттордун, прокуратура органдарынын ишин катуу сынга алып, аларга конкреттүү тапшырмаларды берген. Эми минтип Башкы прокуратура президенттин сынынан кийин “ойгоно” баштады. Буга чейин деле ушундай иштесе болот эле го…