Домой Коом Ошто «Ак мөөр» жатаканасынын жашоочулары эшикте калды (сүрөт)

Ошто «Ак мөөр» жатаканасынын жашоочулары эшикте калды (сүрөт)

116

Кечээ, 6-октябрда сот аткаруучулар Ош шаарындагы «Ак мөөр» жатаканасынын жашоочуларын жашаган жерлеринен чыгарып, эшиктерге жаңы кулпу салып кетишти. Бул тууралуу аталган жатаканада 18 жылдан бери жашап келген Айсанам Сапарова билдирди.

Анын айтымында, үйсүз калган жашоочулар түндө эшикте, айрымдары мейманканаларда түнөшкөн.

«Кечээ бизди чыгарып салышкандан кийин 1000 сом берип, мейманканада неберелерим менен түнөп келдим. Бир топ адам келип, «биз бир да адам калтырбай бул жерден чыгарабыз, сиз да эл катары чыгыңыз» дешти. Мен өзүм майыпмын, азыр өз алдынча баса албайм. Учурда бул жакта үч неберем менен турам. Алардын энеси жол кырсыгынан каза болгон. Күн ысыганча убакыт беришсе жакшы болмок. Бүгүн каякка барып түнөйбүз билбейм», — деди Айсанам Сапарова.

Өзүн аталган жатакананын ээсинин жактоочусу катары тааныштырган Асел Назарбекова жашоочуларга күч колдонуу болбогонун айтты. Ал эми жашоочулар Жогорку соттун чечими мнен жатаканадан чыгарылды.

«Кечээ биз жашоочуларга буюмдарды өз эрки менен алып чыгып кетүүнү эскерткенбиз. Бирок эч ким алып чыгып кеткен жок. Бардык жашоочулар ушул жерде болушкан. Сот аткаруучулар өздөрүнүн милдетин аткарышты. Алар эшиктерди жаап, буюмдарга мөөр басып кетишкен. Алар кеткенден кийин жашоочулар кулпуларды бузуп, өз алдынча ачып киришти. Азыр тиешелүү акт түзүлдү. Эшиктерди кайра бузуп киргендер мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деди Асел Назарбекова.

Жатакана буга чейин «Ак мөөр» профилактикалык санаторийи деп эсептелип, аны 2008-жылы Убайдилла Бидинов аукциондон 4 млн 670 миң сомго сатып алган. Бирок 83 үй-бүлө «Текстильщик» ишканасында иштегенин айтышып, имаратты ээлеп алышкан. Имарат буга чейин «Текстильщик» ачык акционердик коомуна таандык болчу. Мындан улам жашоочулар менен Убайдилла Бидинов көп жылдардан бери соттошуп келишкен. Буга чейин соттун чечиминин негизинде жашоочуларга жатаканадан чыгып кетүү тууралуу эскертүү берилген. Милиция кызматкерлери жашоочуларды күч менен чыгаруу аракетин көрүп, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Жатакана 1959-жылы курулган. Анда 83 батир бар, 300дөн ашык адам жашап келген.

turmush.kg