ordini cialis spese di spedizione.
Коррупция деген нерсе мамлекетибизди жүдөтүп, жедеп тереңден тамыр жайып кеткени кашкайган чындык экенин жашырууга болбойт. Албетте, акыркы 6 жыл бою коррупцияга каршы күрөш жүрүп келди. Бирок, ал жетишээрлик болбой калганы байкалды. Ошол күрөштү жасай турган укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери өздөрү коррупцияга белчесинен батып калышкандары дагы коомчулукка жашыруун эмес.
Ошондон улам президент С. Жээнбеков 8-февралда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш жөн гана улантылбастан, күчөтүлө турганын баса белгилеген. Ал жыйында катышып отурган укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин сынга алып, бул күрөш тиешелүү деңгээлде жүрбөй атканын айткан. Андыктан бул органдарды ичинен тазалоо зарылчылыгы бардыгын да билдирген эле.
Президенттин мына ушул демилгеси учурда жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болуп турат. 5-мартта КР Жогорку сотунун имаратынын алдына жарандык активисттер чогулуп, президенттин демилгесин колдошо турганын, Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган билдирүү, чечимдери тез арада жүзөгө ашуусу зарыл экендигин билдиришти.
Бул акцияны уюштуруучулардын бири Р. Карасартова учурда Жогорку соттун судьялыгына талапкерлиги каралып жаткан алты сотту бекитпөө талабы бар экенин жана учурда кызматтарда иштеп аткан Токбаева, Архарова, Воронцова, Жамашевалардын кызматтан кетүү талабын коюп жатышканын билдирет.
Ушул эле митингге оппозициячыл саясатчылардын бири Топчубек Тургуналиев да келип, төмөндөгүдөй пикирин билдирип кетти: «Бүгүнкү митинг менен коррупцияга, мамлекеттик шылуундарга каршы жалпы улуттук кыймыл башталды деп эсептеш керек. Президент Сооронбай Жээнбеков таза иштеген азчылык менен гана калды. Ал эми мамлекеттик кызматтагылардын өкмөтү болобу, жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү болобу, соту болобу басымдуу бөлүгү ууруларга айланып кетти. Мамкызматкерлер, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары коррупцияга белчесинен батты. Жогорку Сотто отургандардын көбү шылуундукка, уурулукка малынып калган. Булардын баары миң баштуу ажыдаар болуп кетти. Ошондуктан Жээнбеков өзү жалгыз ал коррупционерлерди тукум курут кыла албайт. Коррупцияга каршы улуттук кыймыл бардык аймактарда уланышы керек».
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, экс-депутат Чынара Жакупова да митингге катышып, Кыргызстандагы сот системасында эч кандай реформалар жүрбөй жатканын айтуу менен сотторду тазалоону талап кылышты.
Айтор, бул митингге мурда бийликти сындап келген саясатчылар, айрым бейөкмөтчүлөр да келишип, президент С. Жээнбековдун демилгесин колдоого алып, ага жардам кылуу үчүн жалпы коомчулуктун кол кабышы керектигин билдиришти.