Кара-Суу районунун Тельман айылынын 28 жаштагы С.Б. аттуу тургунунун денеси Кашкар-Кыштак айылынын талаасындагы даракта асылган абалда табылды. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев тастыктады.
Маалыматка караганда, 12-май күнү эртең менен саат 07:40 чамасында Кара-Суу РИИБге Кашкар-Кыштак айылынын талаасында 35-40 чамасындагы, азият түспөлүндөгү эркек киши тыт дарагына асылып тургандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, адамдын жансыз денесин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал Кара-Суу районунун Тельман айылынын тургуну 28 жаштагы С.Б. экендиги такталды. Ал Тельман айылында жайгашкан чайхананын ээси болгон.