Домой Саясат Токтобүбү Оргалча: Мен депутат болсом да, болбосом да ошол саясатка өмүрүмдү арнайм…...

Токтобүбү Оргалча: Мен депутат болсом да, болбосом да ошол саясатка өмүрүмдү арнайм… (видео)

121

Бүгүн «Альянс» партиясынын алдыңкы талапкерлери: Мирлан Жеенчороев, Токтобүбү Оргалча, Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, Айсулуу Мамашевалар ордолуу Ош шаарында Ош облустук драм театрында шайлоочулар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарынын эли АЛЬЯНС партиясынын колдоп жатканы байкалды. Эл алдына чыгып сүйлөгөн татыктуу талапкерлердин бири Токтобүбү Оргалча айым өзү тууралуу буларды айтып, кыргыз элине жасап жаткан эмгегине да учкай токтолду:

https://youtu.be/hS_l-EXPDJo

Менин атам Кытайлык кыргыз Кыргызстандын топурагын жыттап, суусунан бир кесе ичсем болду эле деп, ошого жетпей кайтыш болгон. Мен ошол арманды жүрөгүмө түйүп келем. Андыктан биздин жаркыраган Кыргызстан анын кооз, керемет табияты, ак калпак менен ак элечек кийген элинин маданияты дүйнө жүзүндөгү улуу маданияттын үлгүсү болуп калаарына ишенем. Ал үчүн мен депутат болсом да, болбосом да ошол саясатка өмүрүмдү арнайм. Кыргызстандын улуулугу анын тоолорунда, кооз керемет табиятында жана элинин улуу маданиятында экенине толук ишенем.

Депутат болсом көрөсүздөр, ушул багытта каруумду казык кылып иштеп берем. Кыргызстанга келгенден бери биз да элге өз аракетибиз менен эмгек кылып жатабыз. Алардын учкай айтсам, Токмок шаарында автобустарды куруп чыгара турган заводду ачуу менен акыркы бир жарым жылдан бери алектенип келдик. Бул заводду Татарстан Респуликасынын Казан шаарындагы ПАО “КаМАЗ” компаниясы менен биргеликте ачып жатабыз. Бул боюнча баардык келишимдерге кол койгонбуз. Ушул жылдын аягына чейин ишке киргизип, Кудай кааласа, жетишип калсак, жаңы -жылга чейин, же жетишпей калсак эмки жылдын башында автобустардын биринчи партиясын чыгарып, колдонууга берели деген ниетибиз бар. Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Суу районуна жүк ташуучу машинелер өтүүчү атайы терминал ачып, ишке киргизгенбиз. Ал жерде да ондогон адамдар адам иштеп жатат.

 

«АЛЬЯНС» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К Арзымбаеванын буйрутмасы менен «АЛЬЯНС» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (Күб. №8 1.09.2021-ж.). 13.11.2021.