Домой Экономика Ош шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилди

Ош шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилди

234

Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2 миллиард 509 миллион 306,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалыматты мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, бул 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 пайызга өстү.

Анын ичинен:

— салыктык кирешелер 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин 80,7 пайызы) түзөт;

— салыктык эмес кирешелер 356 180 000 сом (жалпы бюджеттин 14,1 пайызы);

— бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 миң сомду (жалпы бюджеттин 5,2 пайызы) түзөт.

2023-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 2 миллиард 509 миллион 306,2 миң сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 908 миллион 796,2 миң сомго көбөйгөн. 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөнкүдөй сунушталат:

— жалпы багыттагы коммуналдык кызматтар — 15,7 пайыз;

— коргонуу — 0,3 пайыз;

— экономикалык маселелер — 19,6 пайыз;

— турак жай-коммуналдык чарба — 36,2 пайыз;

— маданият жана спорт — 6,7 пайыз;

— билим берүү — 20,4 пайыз;

— социалдык коргоо — 1,1 пайыз.

— билим берүү — 20,4 пайыз;

— социалдык коргоо — 1,1 пайыз.