Домой Кылмыш Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды

53

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.

“2017-жылдан 2021-жылдын июнун айына чейинки аралыкта, Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 миллион 43 миң 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган. 13-октябрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри Н.Ж. жана мурдагы спикер, азыркы учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.А. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп жазылат маалыматта.