Домой Аналитика Парламенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгарылат

Парламенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгарылат

14

Парламенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгарылат. Добуштарды эсептөө процедурасы тууралуу кененирээк БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.

Эртең мененки саат 8де башталат, кечки 20:00дө бүтөт. Кудай буюрса, пландаштырып атабыз, 1,5 сааттын ичинде жыйынтыкталып калат. Алдын-ала жыйынтыктар чыгат. Албетте, андан кийин бизге убакыт керек. Жер-жерлерден кол эсеп аркылуу протоколдорду күтөбүз. Негизинен толук жыйынтыкты биз 2021-жылдын 18-декабрына чейин пландаштырып атабыз” -деп билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 90 депутат шайланып, алардын 54ү партиялык, 36сы бир мандатту округдан келет. БШК бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендердин арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин кабыл алат. Бир талапкер бир округдан гана катталат. Ал эми, бирдиктүү округдан шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Кыргызстанда былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Таза шайлоо болбогонуна нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.