Домой Коом Ленин шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлердин...

Ленин шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлердин саны бешке жетти

49

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлердин саны бешке жетти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Арыз берген талапкерлер:

Максат Кунакунов,                                                          Эркин Булекбаев,                                                            Марат Арзыкулов,                                                          Актилек Нурланбеков                                                    Мирлан Камбаров.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.