Домой Ден-соолук Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды

Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды

61

Бишкекте №67 мектеп-гимназия карантинге жабылып, окуучулар аралыктан окууга өттү. Маалыматты Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен тастыкташты.

Буга чейин аталган мектепте билим алган окуучулардын ата-энелери мектеп 10 күнгө карантинге жабылганын айтып чыгышкан.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, аталган билим берүү жайында коронавирус жуктурган үч учур катталган.

«Мектепте эки окуучу, бир мугалимден коронавирус аныкталды. Мындан улам балдарды эки жумага аралыктан окууга тараттык. Азырынча бул — онлайн-окууга чыккан жалгыз эле мектеп», — деди департамент өкүлдөрү.

Ата-энелер мектеп карантинге 8-октябрдан 18-октябрга чейин жабылганын кошумчалашты.