Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, шайлоо күнү 28-май күнү, жекшембиге белгиленди. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурат. Министрлер кабинети зарыл болгон финансылык каражаттарды таап берет.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми БШК анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин райондук бир мандаттуу округда эки айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалышы керектигин билдирди.