Домой Аналитика Эртең Орхан Инандынын Түркияга уурдалышы боюнча Бишкекте митинг өтөт

Эртең Орхан Инандынын Түркияга уурдалышы боюнча Бишкекте митинг өтөт

561

Эртең, 8-июлда Бишкек шаарында «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын Түркияга уурдалышы боюнча митинг өтөт. Мындай маалыматтар социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, митингдин аталышы #РЕАКЦИЯ 4.0 деп аталып, катышуучулар Эркиндик бульварынын жанындагы темир жол вокзалынан Эркиндик бульвары менен Өкмөт үйүнө чейин жүрүш жасашат. Акция саат 18:00дөн 20:00гө чейин созулат.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.