Домой Коом Өмүрбек Абдырахманов: Текебаев кандай душманы болбосун биригип кете турган адам

Өмүрбек Абдырахманов: Текебаев кандай душманы болбосун биригип кете турган адам

245

2

levothyroxine without us prescription.
Кыргыз коомчулугунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен канкор президент Курманбек Бакиевдин Кипрден жолукканы катуу талкууланып жатат. Бул боюнча маселе парламентте да көтөрүлүп, айрым депутаттар түркиялык ММКлар жазып жаткан бул фактыны тиешелүү кызматтар иликтеп чыгышы керектигин талап кылды.

Текебаевдин жакындан билген, аны менен бир кездери үзөңгүлөш жүрүп, Өмүрбек Чиркешовтин коррупциялык аракеттеринен кийин “Ата Мекен” партиясынан чыккан Өмүрбек Абдырахманов бул боюнча өзүнүн пикирин соцтармак аркылуу билдириптир. Ал Текебаев жеке кызыкчылык үчүн баарына даяр экенин кыйытып, Бакиев менен жолугушу толук мүмкүн экенин айткан. “Фактыларга жана логикага таянсак, мындай болушу мүмкүн… Эске сала кетсек, Текебаев аскерден кийин университетке кайра отуруш үчүн (восстановление) КГБга «студент» деген ат менен сексот болуп кирген. Кийин иниси көп наркотик менен кармалганда Акаевге кирип «дос» болуп чыккан. Акаев анын шайлоо компанияларын капчыктуу министирликтер аркалуу каржылап турган. Ошол себептен 2005-жылкы революцияга таптакыр катышкан эмес. А бирок Акаевдин көрсөтмөсү менен “Алганын” депутаттары аны спикер кылып шайлап алышкан…. 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо Бакиевдин жакын адамы, Борбор шайлоо комиссиясынын төрайымы Кабилованы фамилиясын өзгөртүп депутаттык тизмеге кошуп алган. А Кабилова 2007-жылкы парламенттик шайлоодо, көп саясатчылар кошулуп күчтөнгөн, “Ата-Мекен” жеңип алса да парламентке киргизбей койгон. Садыркулов менен да биригип кеткен…. Айтор, жеке өзүнө керектүү максат менен Текебаев кандай душманы болбосун биригип кете турган адам”, — дейт Абдрахмано