Бүгүн, 11-ноябрга карата бир мандаттуу округдардан шайлоого катышып жаткан талапкердердин саны 302ни түзүүдө. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Үгүт өнөктүгү башталгандан тарта борбордук шайлоо комиссиясына катышуудан баш тартуу боюнча 9 арыз түшкөн.
Алар:
- Бакыт Бердалиев №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча талапкер;
- Санжар Ибраимов №11 Алай шайлоо округу боюнча талапкер;
- Максатбек Мамбеткулов №13 Москва шайлоо округу боюнча талапкер;
- Канатбек Исаев №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча талапкер;
- Жаманкул Галдыбаев №11 Алай шайлоо округу боюнча талапкер;
- Абдисаит Каримбеков №11 Алай шайлоо округу боюнча талапкер;
- Айбек Алыбаев №19 Токтогул шайлоо округу боюнча талапкер;
- Бакыт Кыдыралиев№21 Талас шайлоо округу боюнча талапкер;
- Айнуру Алтыбаева №7 Ош шайлоо округу боюнча талапкер.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Быйыл Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. Ага 21 партия менен бир мандаттуу округдардан 302 талапкер катышууда.