Домой Коом Текебаевдин Кипрге сапарынын изи Аблязовго алып барат

Текебаевдин Кипрге сапарынын изи Аблязовго алып барат

52

Өмүрбек ТекебаевӨмүрбек Текебаевдин Кипрге жасаган сырдуу сапары тууралуу тарых күтүүсүз бурулуш жасоодо. Башкы социалист өзүнүн бул сапарын жөнү жок эле жашырууга аракет кылбаптыр. Ал алыскы аралчага Бакиевдердин ишенимдүү адамдары менен маектешүү үчүн гана эмес, куугунтукта жүргөн казак миллиардери Аблязов менен жолугушу да мүмкүн экен.

Эгерде Текебаев Бакиевдерге жакын адамдардын бири менен жолугуп жана аны менен жаз айларында Кыргызстанда митингдерди өткөрүү, кандайдыр бир акцияларды уюштуруу үчүн каражат алуу боюнча сүйлөшкөн болсо, анда өтө жөнөкөй маселе болмок. Качкын президенттин ишенимдүү адамдары кандайдыр бир маанилүү иш-чараларды өткөрүүнү, анын үстүнө акча берүүдө «Ата-Мекен» лидерине ишеним артуулары мүмкүн болушу да күмөн. Белиздеги офшор тарыхы боюнча Текебаев өзүн өзү Бакиевдердин кылтагына илип берди, эми ал алардын каалаган нерсесин аткарууга мажбур.

Максим Бакиев же Алексей Елисеевдин бир эле сөзү менен «ата мекенчилер» компаниясы депутаттык креслолордон эркиндиктен бөлүнгөн орундарга жылышып кетишет. Убагында өзүн прин санаган Максимдин жана анын компаниясындагылардын сырдуу «жымжырттыгы» көп нерселерди айтып турат. Алар Текебаевди марионеткадай колдонолубу, же анын «желин чыгаралыбы» деп ойлонуп турушат. Андай кылыш үчүн кайсы бир жерден «Мегаком» аферасы боюнча документти кокустан эле алып чыккандай кылышат, болду Текебаев «капут». Андыктан Бакиевдердин Текебаев менен жолугушуп, кандайдыр бир маселелерди чечиши алар үчүн кызык эмес.

Эске сала кетсек, башкы «атамекенчи» адегенде Кипрге сапар жасаганы боюнча фактыны таптакыр жокко чыгарган. Андыктан ал Европарламенттин кайсы бир депутаттары менен жолугуусу болгону таптакыр мүмкүн эмес. Эгерде ошондой болгон болсо, анда Текебаев мындай маанилүү контакттарын пиар кылып, аябай мактанып алмак. Башкы социалисттин Кипр сапары боюнча күтүүсүз маалымат коңшулаш Казакстандан келди. Ал жактагы саясый чөйрөдө Текебаев менен куугунтукта жүргөн казак миллиардери Мухтар Аблязовдун жолугушуусу тууралуу өтө кызуу талкуулап жатышат. Эксперттик коомчулук бул арттары чуулу эки ишмердин жолугушуусу дал ошол өткөн аптада Кипрде болгон деп боолголоп атышат.

Эгерде ушундай болсо, анда бул иштин өзөгүн өзгөртөт. «Ата-Мекен» лидери 2005-жылдан кийин ошол жылдары Лондондо жашырынып жүргөн казак банкирине байланышка чыгуунун жолун активдүү издей баштаган. Ошол убакта Назарбаевдин каарына калган миллиардер өзүнүн медиаимпериясын Кыргызстанда кура баштаган. Анын базасы болуп «K+» спутникалык телеканалы жана Stan маалымат сайты болуп калган. Ал маалымат булактары расмий Астананы дискредитациялоо боюнча кеңири пропагандалык ишти жүргүзгөн.

Бул ММКлардын башкы офиси Бишкекте жайгашкан, ал эми регионалдык өкүлчүлүктөрү — Борбор Азиянын бардык борборлорунда болгон. Назарбаевдин позициясына чабуул жасоо үчүн плацдарм ушундайча түзүлгөн. Дал ошол убакта Текебаев Аблязов менен түз байланыш табууга аракет кылган. Кыязы, бул аракети текке кетпесе керек.

Декабрь айынын орто ченинде француз түрмөсүнөн эркиндикке чыккан казакстандык «БТА-банктын» мурдагы ээси Мухтар Аблязов Liberation (Франция гезитине 2005-жылдагы Кыргызстандагы революцияны каржылаганын мойнуна алып маек курган. «Кыргызстандагы режимди кулашын жүзөгө ашыруу үчүн мен оппозицияны каржылагам. Бул мен үчүн маанилүү болгон, постсоветтик республикалардын биринде демократиялык процесс башталып жана алар туура реформаны жүргүзүп, Казакстан үчүн үлгү болушун каалагам», — деп билдирген Аблязов журналисттерге.

Диссиденттин саясий билдирүүсү көрсөткөндөй, ал өлкөгө кайтып келүүдөн баш тартпай, “туура реформаны” жүргүзүүгө куштар экенин ачыктан-ачык эле кыйытып жатат. Аблязовду социалдык тармактагы аракетине көз сала турган болсок, Казакстанда каршылыкка чыгууга даяр турган чоң потенциал бар экенин баамдайсың. “Бул каршы турган масса биригиши керек, топтолуп чыңалышы зарыл. Булар уюшулушу зарыл. Биздин өлкөдө абдан көп тарапкерлерибиз бар”, — деп белгилеген Аблязов ошол эле Liberationго берген маегинде.

Анын божомолу боюнча үч жылдан кийин нааразы адамдардын аракети аркылуу Казакстан президенттик башкаруу формасынан баш тартып жана парламенттик республика болмок.

Күмөнү жок, Аблязов жана Текебаев бири-бирине кандайдыр бир кызыкчылыктары бар. Куугунтукта жүргөн казакстандык миллиардер үчүн Кыргызстан жөлөк-таяныч катары саналган. Ал ушул жактанреволюциялык жүрүш жасоого мүмкүн деп ойлойт. Бул куугунтуктагы миллиардер үчүн жападан жалгыз вариант, себеби Россия, Өзбекстан же Түркмөнстан Казакстан менен чектешип турса да, ал жактан эч ким Аблязов менен иш кылгысы келбейт.

Казак миллиардери Кыргызстандагы айрым авантюралык саясатчылардын аракетин каржылоого аракет кылышы мүмкүн. Ошентсе да Текебаевге колдоо көрсөтүүдө тобокелчиликтер бар. Анткени ал үмүттү актабай коюшу мүмкүн. Ошентсе да анда оппозицияны каржылаган тажрыйба болгондуктан дагы бир жолу байкап көрүүдөн баш тартат деп ким кепил боло алат?

Андыктан Казакстандын эксперттик коомчулугунун талкуусундагы версиялар жана божомолдор көңүл бурууга арзыйт. Президенттик шайлоого даярдык жылында, Кыргызстанда бийликти өткөрүп берүү боло турган маалда баардык стабилдүүлүккө доо кетире турган потенциалдуу факторлорду жана мамлекеттик коопсуздукка келтирилүүчү коркунучтардын булагына көзөмөл жасоо керек. 

 

            Булак: “Вечерний Бишкек” басылмасы 2porn.