Домой Саясат Президенттин Европага сапары: Кыргызстанга берилген жогорку баа

Президенттин Европага сапары: Кыргызстанга берилген жогорку баа

91

Өткөн аптанын 15-февралынан 18-февралына чейин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев адегенде Бельгия Королдугуна, андан соң Германия өлкөсүнө иш сапары менен барып келди.

Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге Курманжан Датка орденин тапшыруу учурунда

Бельгияга жасалган иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Бельгия Королу Филипп, Европа биримдигинин төрагасы Дональд Туск, Европалык комиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Фредерик Могерини менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуулардын негизинде бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Андан соң президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапарын Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына карай багыттады. Ал жактан Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуп, коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышты.

 

Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдар Кыргызстанга өткөрүлүп берилди

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Брюсселге жасаган иш сапарынын алкагында элибиздин эсинде кала турган, тарыхыбыз, маданиятыбыз үчүн унутулгус күндөрдүн катарына кошула турган иш-чара болуп өттү. Тактап айтсак, мамлекет башчысы 16-февралда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аземине катышты.

Улуу жазуучунун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды өлкөбүзгө Брюссель Эркин университетинин ардактуу профессору, Королдук археология академиясынын мүчөсү Жан Бланкофф өткөрүп берди.

Эске сала кетсек, өмүрлүк жубайлар Жан жана Голди Бланкоффтор Чыңгыз Айтматовдун Белгиядагы жакын сырдаш досторунан болгон. Мына ушуну өз сөзүндө баса белгилеген Алмазбек Атамбаев жубайлар Бланкоффторго терең ыраазычылыгын билдирди. «Айтматов өзүнүн интервьюларынын биринде «Брюсселде өзүӊүздү жалгыз сезесизби?» деген суроого Чынгыз Айтматов орус тили боюнча адистер Жан менен Голди Бланкоффтор ага ынак болуп калышканын айтып, алар менен ачык сырдашам деп жооп берген. Жубайлар Бланкоффтор сыяктуу анын жанында болуп, жардам берген адамдардын аркасынан ал бир гана элдин эмес, планетанын жазуучусу болуп калды. Мен жубайлар Бланкоффторго ыраазымын, анткени Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкандын баарынын мааниси чоӊ. Бланкоффтор жыйнаган аудио, видео-фотоматериалдар коллекциясы  — жазуучунун өмүрүнүн эң кызыктуу барактары, алар Кыргызстандын музейлеринде, анын ичинде Айтматовдун үй-музейинде сакталуу менен айтматоведдердин ишине керек болот. Чынгыз Айтматовдун оор учурларында анын жанында болгон Бланкоффторго ыраазылык жолдойм», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан сырткары ал Айтматовдун чыгармаларынын таалим-тарбиялык мааниси зор экендигин, аны келечек муун да изилдеп-иликтеп чыкса боло турганын кошумчалады. Сөзүнүн аягында жубайлар Бланкоффторго символдуу боз үй тартуулап, аларга ар бир кыргыздын эшиги ачык экенин, чын ыкластан күтүп алышарын билдирди.

 

Борбор Азиядагы уникалдуу демократиянын архитектору

Мамлекет башчысынын Брюсселдеги Евробиримдиктин жетекчилери менен болгон жолугушууларында Кыргызстанда күз айларында өтө турган президенттик шайлоо тууралуу кызыккан суроолор берилди. Маселен, Евробиримдиктин жетекчилери Дональд Туск жана Жан-Клод Юнкер менен болгон жолугушууларда ушундай суроо берилди. Буга президент Алмазбек Атамбаев «Кыргызстандын кийинки президенти ким болорун билбейм. Бизде шайлоолор чындыгында таза өтөт. Алдыдагы шайлоо чыныгы саясый атаандаштыкта өтөт» деген жообун берди.

Мына ушул жолугушууларда Мамлекет башчысынын жанында жүргөн ТИМ министри Эрлан Абдылдаев маалымат булактарынын бирине Евробиримдиктин жетекчилиги президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө демократиясына кошкон салымын жогору баалашканын мындайча билдирген: «Дональд Туск менен Жан-Клод Юнкердин биздин президент менен жолугушуу учурунда айткан кээ бир сөздөрүн түзмө-түз мисал келтирсем. Алар “президент Алмазбек Атамбаев Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү демократиянын архитектору” деп айтышты. Ошентип, алар президенттин Кыргыз Республикасындагы демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымын абдан жогору баалашты».

 

Иш сапарда чечилген каржы маселеси – 23 миллион евро

Евробиримдиктин жетекчилиги Кыргызстанда чыныгы демократиялык башкаруу системасы иштеп атканын белгилешип, бизди саясый жактан гана эмес, каржылык жактан да колдоону дагы-да жакшырта турган болушту. Мамлекет башчысынын иш сапарында болгон жолугушууларда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу байланыштарды күчөтүү маселеси да талкууланды.

Ток этерин айтканда, эки чоң каржылык документтерге кол коюлду. Биринчиси — Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн колдоо реформасын улантуу боюнча 13 миллион евролук долбоор. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында берилген 10 миллион евролук гранттык долбоор. Бул долбоор даректүү түрдө Жалал-Абад облусундагы «Таза суу» программасын ишке ашырууга жумшала турганы белгилүү болду. Мамлекет башчысы мына ушундай эле долбоорлорду башка облустарда да жайылтуу сунушун киргизди. Демек, иш сапар каражат маселесин чечүү жагынан да жемиштүү болду десек болот.

 

БУУ башкы катчысы: Кыргызстан көйгөйсүз мамлекет”

Мюнхен шаарында Алмазбек Атамбаев БУУнун башы катчысы Антониу Гутерреш менен да жолугушту. Бул жолугушуу өтө жылуу атмосферада өткөнүн ТИМ министри Эрлан Абдылдаев маалымат булактарынын бирине билдирген. «Антониу Гутерреш Кыргызстанда 3-4 жолу болгонун, Кыргызстанды эң жакшы биле турганын айтты. 2005-жылы да, 2010-жылы да болгон. Ал Кыргызстанды жогору бааларын жана мамлекет өнүгүп айтканын билдирди», — дейт Эрлан Абдылдаев.

Ошондой эле ал Кыргызстанга келе турганын убада кылуу менен бирге биринчи кезекте баруу керек болгон көйгөйлүү мамлекеттер бар экенин билдирген. «Биринчи кезекте бара турган менде көйгөйлүү мамлекеттер көп. Кыргызстан үчүн көйгөй – бул Кыргызстандын көйгөйсүз мамлекет экендиги, бирок мен сөзсүз барам деп айтты ал», — дейт ТИМ министри.

 

Кыргыз-герман мамилеси күч алат

Брюссель Королдугуна жасаган иш сапардан соң президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Мюнхен шаарына барып коопсуздук боюнча конференцияга катышты. Андан соң Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз-германдык мамилелердин маанилүү маселелери, конкреттүү келишимдердин аткарылышы, соода-экономикалык, инвестициялык жана банк чөйрөлөрүндө кызматтыштыкты андан ары жандантуу, саясый диалогду бекемдөө перспективалары талкууланды.

Ошондой эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге «Курманжан Датка» орденин жана аны менен бирге өткөн жылы анын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча фотоальбомду тапшырды. Германия канцлери Ангела Меркель бул жогорку сыйлык үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, «Менин жүрөгүмдө Кыргызстан үчүн дайыма орун бар» деп билдирди.

Бул жолугушууда да Ангела Меркель Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо боюнча өзүнүн кызыккан суроолорун берди. Мындай суроолорго мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Брюсселде жооп бергендей эле кийинки президент ким болорун билбестигин, шайлоо ачык жана таза өтөөрүн айтып жооп кылды.

 

Айтылчу кеп алдыда…

Жалпысынан мамлекет башчысынын Европага жасаган иш сапары өтө жемиштүү болду десек жаңылбайбыз. БУУнун жаңы шайланган баш катчысы Кыргызстанда глобалдык маселелер жок экендигин билдирди. Мына ушундан улам терең анализдеп көрсөк, чындыгында эле бизде башка көптөгөн мамлекеттерде болуп аткан көйгөйлөр жок. Мисалы бизде таза суу маселеси жок, бизде ачарчылык болгон жок, кайсы бир жугуштуу оорунун эпидемиясы жок. Эң башкысы бизде эч кандай согуш жок, тынчтык өкүм сүрүп турат. Мына ушуну бизге Кудай кут кылсын дешибиз керек. Болбосо, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө согуш оту алоолонуп, ачарчылык апааты жүрүп атканы маалым. Ал эми биздеги майда-чүйдө маселелерди көбүртүп-жабыртып, саясый оюн уюштуруп аткан саясатчылар өз элинин тынчтыгын, бакубат жашоосун уурдап алуудан сак болушса экен деген эле тилекти айтабыз.