Домой Коом Кыз алышып-беришкен саясаттагы кудалар

Кыз алышып-беришкен саясаттагы кудалар

87
Жакында эле өлкөдө бир эмес эки үлкөн саясатчы уул үйлөп, кыз узатып куда болду. «Алысты жакын кылган кыз» дегендей, эзелтен ата-бабалар сөөк жаңырталы, катышыбыз алыстабасын деп кыз алышып-беришип куда болуп келишкен.
Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатта, бийликте кимиси кимге куда экенин билип көрдү.

Асылбек Жээнбековдун кызы менен Акылбек Жапаровдун уулу

2021-жылдын декабрь айында мурдагы спикер, саясатчы Асылбек Жээнбеков Бегимай аттуу кызын министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаровдун Максат аттуу уулуна берип, куда болду.
Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Бирок кичи мекени — Кочкор. Ал эми Асылбек Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылынын кулуну.

Алиярбек Абжалиевдин уулу менен Сооронбай Жээнбековдун кызы

Жээнбековдор дагы бир саясатчы менен куда. Тагыраагы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүл Шарипова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан.
Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал эми Алиярбек Абжалиев Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын кулуну.

Мамытбай Салымбековдун уулу менен Курманбек Осмоновдун кызы

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков мурдагы юстиция министри, Жогорку соттун экс-төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонованы алган. Жубайлар 2011-жылы баш кошкон. Нурзат 2011-жылы «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, жарым жыл иштеген. Жумабек Салымбеков учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты.
Мындан тышкары, Курманбек Осмоновдун небереси Нурсултан Касымовго Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон Роман Шиндин небере кызы Анна Шин турмушка чыккан.
Мамытбай Салымбеков Нарындын Ат-Башы районунда туулган. ЖКнын III жана V чакырылышынын депутаты. «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун бир тууганы.
Курманбек Осмонов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган. ЖКнын III жана V чакырылышынын депутаты болгон. 2003-2004-жылдары юстиция министри, 2004-2008-жылдары Жогорку соттун төрагалык кызматын аркалаган.

Азимбек Бекназаровдун уулу — Мыктыбек Абдылдаевдин кызы

Эрнис Бекназаров менен Мээрим Абдылдаева 2007-жылы баш кошкон. Эрнис Бекназаров жеке ишкерлик менен алектенет. Буга чейин ал Тышкы иштер министрлигинде иштеген.
Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Ал 2002-2005-жылдары башкы прокурор, ЖКнын V жана VI чакырылышынын депутаты болгон.
Азимбек Бекназаров Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айылында туулган. 2005-жылы башкы прокурор болуп иштеген.

Алымбай Султановдун баласы — Алмазбек Атамбаевдин кызы

Семетей Султанов менен Динара Атамбаева 2003-жылы үй-бүлө курушкан. Султанов Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп иштеген.
Алымбай Султанов милициянын генерал-майору. Талас облусунун Манас районуна караштуу Жийде айылында туулган. Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.
Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болгон.

Мелис Мырзакматовдун уулу — Искандер Гайпкуловдун кызы

Мелис Мырзакматов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган. Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри болгон. Кийин коррупция боюнча айыпталып издөөгө алынган.
Искандер Гайпкулов Ош облусунун Араван районундагы Маңгыт айылында туулган. Буга чейин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеген.

Кубатбек Бороновдун уулу — Замирбек Алымбековдун кызы

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбеков да куда. Боронов Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. Алымбеков Баткен облусуна караштуу Баткен айылынын кулуну.