Домой Аналитика Нарын облусунун башчысынын унаасына тагылган жалган номур сынга алынууда (видео)

Нарын облусунун башчысынын унаасына тагылган жалган номур сынга алынууда (видео)

178

Социалдык тармактарга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин кызматтык унаасына башка унаанын номуру тагылганы боюнча маалымат тарады. Социалдык тармактардын колдонуучулары жетекчилер өздөрү мыйзам бузуп жүргөнүн айтып, сынга алууда.

Видео-маалыматтын автору Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянып, кызматтык унаадагы 0001NA номуру 2006-жылы чыккан «Tayota Land Cruiser Prado» (күмүш түстөгү) унаасына таандык экенин билдирди.

Ал эми Сабыркул Ашимбаев унаанын номуруна көңүл бурбаганын айтты.

«Мен унаанын номурун карабайм. Ага отурам, келем, кетем. Азыр эмнеге андай болуп калды деп териштирип сурасам, “унааны каттоодон чыгаруу үчүн номурун бир күнгө Бишкекке алып кеткенбиз. Анан унааны номурсуз калтырбай, ушул номурду тага турганбыз” деп жатышат», – деди өкүл.

Аймактык кабарчы билдиргендей, азыркы тапта аталган кызматтык унаага 01KG0005M номуру тагылып турат.

turmush.kg