Домой Коом МБКда 2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү

МБКда 2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү

3
2023-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында (мындан ары — МБК) коллегия болуп өттү. Бажы кызматынын 2022-жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгү жана 2023-жылдын 2-кварталына болжолдуу көрсөткүчтөрү каралды.
Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы, Мамлекеттик бажы кызматынын коллегия мүчөсү Кочкоров Алмазбек Тойчубаевич жана Кыргыз Республикасынын Бажы кызматындагы Казакстан Республикасынын Бажы кызматынын өкүлчүлүгүнүн башчысы К.Ж.Рахимов катышышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
 2023-жылдын 1-кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу жана 2023-жылдын 2-кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө
 2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын 2-кварталына Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрүнүн милдеттери жөнүндө
 МБКнын ишинин компетенциясына кирген ар кандай маселелер
Биринчи маселени кароонун алкагында, такталган маалыматтарга ылайык, кварталдын жыйынтыгы боюнча 19,7 млрд. сом өлчөмүндө белгиленген план менен бажы кызматы тарабынан 20,7 млрд. сом суммасында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалганы белгиленди. Пландык көрсоткүчтөр 105% аткарылды.
Укук коргоо органдары боюнча 2023-жылдын 1-кварталында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын 1200 фактысы аныкталганы айтылды.
Анын ичинен укук бузуулар боюнча 1123 иш козголуп, аларды кароонун жыйынтыгында 8,2 млн сом өлчөмүндө айыптык санкциялар өндүрүлгөн, анда укук бузуулар жөнүндө иштер жана алдын алуу иш-чаралары боюнча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 72,2 млн сомду түзгөн.
Отчёттук мезгилде бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 77 кылмыш иши өткөрүп берилген, алар боюнча 66,1 млн сомдук зыяндын орду толтурулган. 1-кварталда бюджетке кошумча кирешелердин жалпы суммасы 146,6 млн сомду түздү.
Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 1-кварталына бажы төлөмдөрүн жыйноо боюнча болжолдуу тапшырманы аткаргандыгы жана үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча ишин канааттандыраарлык деп таануу чечими кабыл алынды.