Домой Маек Марат Казакпаев: Бабановдун добуш сатып алуу аракетине баа берилиши керек

Марат Казакпаев: Бабановдун добуш сатып алуу аракетине баа берилиши керек

65

коррупция

Президенттикке талапкер, парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун адамдары добуштарды сатып алуу аракетин жасап, аны тастыктаган тасма интернетке тарады. Бул боюнча укук коргоо органдары чара көрүшү керекпи?

 Эгер ошондой тасма тараса укук коргоо органдары аны сөзсүз карап чыгып, укуктук баа бериши керек. Мүмкүн бул жөн гана атаандаштардын уюштурган кара пиарыдыр. Андыктан тез арада бул тасма иликтениши керек.

 БШК кандай чара көрүшү керек?

 БШК да унчукпай отурбай реакция жасашы керек. Алар укук коргоо органдарына кайрылып, тиешелүү экспертиза жүргүзүүнү талап кылышы зарыл. Буга чейин президент Башкы прокурорду кабыл алып, шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүнү камсыз кылуун тапшырган. Андыктан добуш берүү өнөктүгү мыйзам чегинде гана өтүшү керек.