Домой Саясат БШК бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча 321 талапкерди каттады

БШК бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча 321 талапкерди каттады

106

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча 321 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында жарыяланды.

Аймактар боюнча талапкерлердин саны төмөндөгүдөй:

Баткен облусу – 37 талапкер;

Ош облусу – 59 талапкер;

Жалал-Абад облусу – 50 талапкер;

Талас облусу – 15 талапкер;

Чүй облусу – 63 талапкер;

Бишкек шаары – 27 талапкер;

Нарын облусу– 29 талапкер;

Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.