Кыргызстандык фотокабарчы Табылды Кадырбеков Андрей Стенин атындагы фото сынактын жеңүүчүлөрүнүн катарынан орун алды. Кыргыз сүрөтчүсүнө сыйлыкты Андрей Благодыренко тапшырды.
Фотосынак ушуну менен үчүнчү ирет өтүп жатат. Быйыл ага катышкандардын саны рекорд койду. Калыстар тобунун сынына 76 мамлекеттен 5000ден ашык эмгек келип түшкөн. Көргөзмөгө эң мыкты деп табылган 200 сүрөт коюлган. Анда карапайым элдин жашоосу, мамлекеттерде, ири шаарларда болгон окуялар чагылдырылган.Жеңүүчүлөр сынактан кийин Россияны жана дүйнөнү кыдырып чыгышат