Домой Саясат Айсулуу Тыныбекова: Өз добушумду Сооронбай Жээнбековго берем

Айсулуу Тыныбекова: Өз добушумду Сооронбай Жээнбековго берем

307

21553173_1559787114077477_585948079_n

Кыргызстандын атуулу катары өзүмдүн добушумду Сооронбай Жээнбековго берем, деп билдирди күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатынын коло медалдын ээси, Олимпиада оюндарынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова. Бул тууралуу ал 10-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясынын старт алышы учурунда билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеп турган мезгилинде жалпы кыргыз спортчуларына чоң колдоо көрсөтүп келген. «Сооронбай Шарипович спортчулардын бардык маселелерин, ошонун ичинде каржылоону да убагында чечип келген. Сооронбай Шарипович президент болуп калса, жалпы Кыргызстандын спортунун өсүп-өнүгүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтөт жана ошондой эле Кыргызстандын спортчулары Дүйнөлүк олимпиада оюндарында чоң ийгиликтерди жаратат деп ишенем», — деп белгиледи А.Тыныбекова comprar fluoxetina online. IMG_7659

Эскерте кетсек, Азия жана Дүйнөлүк чемпионаттарында кыргыз спортчулары ийгиликтерди жаратканда, Өкмөт үйүндө Сооронбай Жээнбеков бир канча жолу аларды жеке кабыл алып, көптөгөн спортчуларды колдоп, Кыргыз Өкмөтүнүн ардак грамотасы жана башка сыйлыктары менен сыйлаган.

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.