Домой Коом Мамлекеттик бажы кызматы жалган жүк ташууга катышкан бажы кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий...

Мамлекеттик бажы кызматы жалган жүк ташууга катышкан бажы кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берди

103

Мамлекеттик бажы кызматы жалган жүк ташууга катышкан бажы кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарийи

2023-жылдын 18-мартында жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары — МБК) кызматкерлеринин кармалышы, жалган товарларды транзитке жана Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүү боюнча коррупциялык схеманы ачыкка чыгарган боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тараткан маалымат жарыяланган.

Мамлекеттик бажы кызматы бул кабарга комментарий берип жатып, бажы кызматкерлери катышкан коррупциялык схеманы аныктоо боюнча иштерди Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөндүгүн белгилейт. Иштин материалдары Бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабековдун жеке көзөмөлүндө болгон.

Жогорудагы коррупциялык схеманын аныкталышы МБКнын бажы кызматындагы коррупцияны жоюу жана өздүк курамды абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча жигердүү иштерди улантып жаткандыгынан кабар берет.