Домой Саясат Мамлекетибиздин өзөгүн түзгөн партия

Мамлекетибиздин өзөгүн түзгөн партия

130

buy amoxicillin 250 mg uk. 1437031195465482

Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 200дүн ар жак, бери жагын чамалап бара турганы белгилүү. Бирок, ошолордун баары эле реалдуулукта жашап атпаганын жакшы билебиз. Айрым саясый партиялар шайлоолордун алдында эле капыл-тапылынан түзүлө калып, капчыктууларды алдыңкы катарларына кошуп, парламентке келген соң ар кимиси ар кайсыл жактан “кулак” чыгаргысы келип атып, бат эле ыдырап кетип жатышат. Ал эми айрымдарынын жөн гана лидери бар, бирок мүчөлөрү кимдер экени белгисиз.

Ошентсе да өлкөбүздүн саясый турмушунда бүгүнкү күндө 5-6 партия жашап, бийлик бутактарын ээлеп келишет. Ошолордун арасынан өзүнүн кеңири тарыхы менен, тутунган туруктуу позициясы менен өзгөчөлөнгөн партия –КСДП. Ал 1993-жылдын 25-сентябрында курултайда түзүлүп, 1994-жылы катталган. Демек, аталган партиянын чейрек кылымга жакындаган тарыхы бар.

Социал-демократтар партиясын түзүүнүн демилгечиси ошол убакта “Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасын жетектеп турган Алмазбек Атамбаев болгон. Ал эми ага канат-бутак болгондор Жумабек Ибраимов, Абдыжапар Тагаев, Абдыганы Эркебаев, Анатолий Марышев сыяктуу элибизге төбөсү көрүнүп калган инсандар болгон.

Партиянын негизги максаты Кыргызстанда күчтүү экономикалык потенциалды түзүү, жарандык коомдун позициясын бекемдөө жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын, саясый жана экономикалык эркиндик принциптеринин, демократия жана тилектештик базасында укуктук мамлекетти бекемдөө болуп саналат.

Мына ушул коюлган максат жөн гана кагаз бетинде кала бербеши үчүн аталган партия үзгүлтүксүз аракетин жасап келатат. Туңгуч ажо Аскар Акаевдин убагында да анын үй-бүлөлүк авторитардык режимине каршы чыккандардын сап башында дал ушул КСДП партиясы турган. Албетте, партиянын мындай ишмердүүлүгү ал кездеги бийлик ээлерине жаккан эмес. Андыктан партия лидери Алмазбек Атамбаевге карата түрдүү кысымдар жасалган. Бирок, анын баарына партия лидери жана анын партиялаштары чөгүп калган эмес. Тескерисинче карапайым кыргызстандыктардын укугун талашып, өз элинин байлыгын өзгөлөргө четинен пулдап коюп отурган төбөлдөрдүн чекесине чыккан чыйкан сыңары улам жаңы кадамдарды таштап турушкан.

Натыйжада 2005-жылы Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк бийлиги кулаган. Бул революцияга КСДП партиясынын жана анын лидери Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экендигин тарых эч качан танбайт. Ошондо да А. Атамбаев бийликке жутунган эмес, президент болуу үчүн жан үрөбөгөн. Ал үчүн жөн гана өз элинин кызыкчылыгы, байгер жашоосу керек болчу.

Тилекке каршы, 2005-жылы тактыга отурган К. Бакиев да элдин үмүтүн актабай, А. Акаевдин жолоюн эки эсе күчтүү кайталап чыкты. Мында да А. Атамбаев башында турган КСДП партиясы канкор режимдин айныгыс оппоненти болду. Натыйжада 2010-жылдын 7-апрелинде канкор Бакиевдердин бийлиги кулады.

Ошондон кийин гана партия лидери А. Атамбаев бейкүнөө эр-азаматтарыбыздын каны менен жасалган революциянын максаттары уурдалбашы үчүн бийликти колго алып, эл үчүн, мамлекет үчүн татыктуу иштеп берүү керек экенин түшүндү. Адегенде Убактылуу өкмөттө биринчи-вице-премьер болду, андан соң Кыргызстандын премьер-министрлигин аркалады. Ал эми 2011-жылы жалпы кыргызстандыктардын шайлоосу менен өлкө башчылык милдетти мойнуна алып, дээрлик алты жыл бою элдин ишенимин актоого болгон күчүн жумшады. Албетте, мына ушул 6 жыл аралыгында ал КСДП партиясына мүчөлүгүн токтотконун айта кетишибиз керек.

КСДП партиясы түзүлгөн күнүнөн тарта Жогорку Кеңештин бардык чакырылыштарына шайлоого катышып, жеңиш менен келатат. Мындан сырткары жергиликтүү кеңештерге да катышып, 400дөн ашуун мандат алышканын айта кетүү керек.

Бүгүнкү күндө өлкө башчысы болуп турган Сооронбай Жээнбеков да аталган партиянын туруктуу мүчөсү болуп келген. Шайлоого да КСДПнын атынан катышып, жеңишке жетишти. Ал эми өкмөт башчысы Сапар Исаков да аталган партиянын атынан келгени белгилүү. Жогорку Кеңешти 2010-жылдан кийин үч ирет КСДП партиясынын өкүлдөрү жетектеди. Мындан тышкары дагы олуттуу мамлекеттик кызматтарда партиянын өкүлдөрү татыктуу иштеп келишет.

Демек, КСДП партиясы бүгүнкү күндө мамлекетибиздин өзөгүн, уңгусун түзүп калды десек аша чапкандык болбойт. Тазалык, адилеттүүлүк, акыйкаттыкты туу туткан партия мындан ары дагы Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн туруктуу ишин уланта береринен күмөн жок.