Буга чейин интернет булактарында КСДП жана анын штабында олуттуу пикир келишпестик орун алды деген такталбаган маалымат чыгып, кызуу талкууга алынган эле. Анда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ортосунда тиреш болгону да кабарланган. Дал ушул маалымат боюнча саясат таануучу Денис Бердаков “Фейсбуктагы” баракчасына жеке пикирин жазды. Анда ал муну кезектеги ушак катары баалаган. “Быйыл Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоолор социалдык тармактар аркылуу массалык фейк имиштерди таркатуу, аларды илгиртпей иле калган эксперттер жана кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын узун элдин учуна удургута жеткирип жатышы менен өзгөчөлөнүүдө. Баса, жаңы технологиялар “ушак” кыртышында жакшы угуттанып жаткандыгын (кыргыз коомчулугунда имиштерге өзгөчө ишеним бар) белгилей кетүү зарыл. Бүгүн бир талапкердин командасынан жапжаңы перл а-ля инсайд жарыяланды. Анда айтылган маалымат төмөндө көрсөтүлгөндөрдүн бирине да дал келбейт. Бирок, “бомбачка” ташталды десе болот. Демек, саясый фейк сезону ачык деп эсептейли. Чынында олуттуу компромат таратуудан коркот. Баары коркот. Негизи мындай фейктер кандайдыр бир деңгээлде пикир жаратат. Ошентсе да, Алмазбек Атамбаев акыркы айларда бийлик вертикалын чыңдоодо жана КСДПнын ички командасын бекемдөөдө тездик менен аракет жасай алды (негизи жалпы улуттук түшүнүктө партия деген жок, аймактык элиталардын жалпы эреже боюнча консенсуска келген эрежеси бар). Бул партиянын атаандаштары болсо бар күчүн соцтармактардан ушак таратууга өтүп алды”, — дейт ал.
Чынында КСДП Кыргызстандагы эң күчтүү партия. Ошондуктан атаандаштар бул саясый уюмду жаманатты кылуу үчүн ар кандай ушактарды таратууда. Болгондо да фейк маалыматтар менен. Бирок, элибиз мындай ушактардан тажады жана КСДПнын кандай партия экенин жакшы билет. Андыктан, оппоненттердин мындай каралоо аракетинен майнап чыкпайт.