«Кыз бозуп энесин коркутат» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө доо кетирүүнү көздөшүп, төңкөрүш уюштурууну пландагандары аудио жана видеоматериалдар аркылуу тастыкталган, соттун чечими менен далилденген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана экспертчалыш Эрнест Карыбеков биринин артынан бири кезек-кезеги менен (30-январдан 2-февралга чейин) кургак ачкачылык жарыялап чыгышкан эле. Натыйжада алар №47 абакка медициналык жактан кароо үчүн которулган.
Эми ошол төңкөрүш жасоону максат кылгандардын туугандары, тарапташтары чогулуп №47 абактын алдына митингге чыгышты. Алар «Бул саясатчылардын укуктары одоно тебеленип атат, аларды туугандары менен жолуктурбай жатышат» деген доомат артышууда.
Өтө эле кызык логика. Биринчиден, бул аттары аталган саясатчылар жана экспертчалыш жалпы мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч туудура турган планды түзүшкөн. Муну танууга мүмкүн эмес, себеби анын баары жогоруда айтып кеткендей аудио жана видеоматериалдар менен тастыкталган. Анан өздөрү өз мамлекетинин тынчтыгын уурдоого аракет кылып алышып, анан кайра кимди күнөөлөгүлөрү келет? Же өтө чоң кылмыш жасагандар ачкачылык жарыялап чыгышса эле, абактан чыгарып жибериш керекпи? Эгер ушундай логика менен жашасак, анда мамлекетибиздин коопсуздугун ким коргойт? Кыргыздар «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп бекеринен айткан эмес. Колу менен жасаганга, мойну менен жоопкерчилик тартышы керек.
Баса, ушул жерден дагы бир кыстыра кете турган жагдай бар. Буга чейин эле маалымат булактарынын бири аттары аталган үчөөнүн ачкачылык жарыялаганын негизги себеби эмнеде экенин жазып чыккан. Андагы маалыматка таянсак, үчөө УКМК СИЗОсунан №47 абакка которулуп, ал жактан абакта жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаев менен жолугушууну көздөшкөн. Мындай жолугушууну К. Кадыровдун иниси М. Кыдыкбаев аттуу жаран өзүнүн тааныштары аркылуу жасап берүүнү убада кылган. Демек, жакынкы күндөрү Текебаев да ачкачылык кармайт десе таң калбай деле койсок болот.
Мынча болду ошол “төңкөрүшчүлөрдүн” жүзөгө ашпай калган планын ашкерелеген аудио-видео тасмалардын текстик версиясын окурман журтчулугуна сунуш кылабыз. Ошондо булардын чыныгы жүзүнө күбө болобуз.
Сарыгулов-Карыбеков: Төксө төгө берсин, кимдики төгүлбөйт экен?
Дастан Сарыгулов: Ну давай будем встречаться, вы, вы, я… они многим не будут говорить. Ыргалай, сен айтпайсыңбы кишилерди. Жанагы Рустем Аманов эмнеге жарап берет?
Неизвестное лицо (Жогоруда анык болгондой, ал «белгисиз персона» деген неме Ыргалай Бекмуратова экени анык болду): Рустем Аманов менен байланыша албадым…
Дастан Сарыгулов: Эсенгул Исаков эмнеге жардам берет?
Неизвестное лицо: Эсенгул Исаков курултайды колдойм деди.
Дастан Сарыгулов: Все, ладно. Давай другие ключевые, финансовые, кто еще? По прессе? По прессе кто может у нас? Кто с прессы? Кто с КТРом?
Эрнест Карыбеков: Да КТРди…
Дастан Сарыгулов: Журналист тиги-булардан ким бар? Билбейм, мен уже алыстап калдым 3-4 жылдан бери.
Неизвестное лицо: Адилет Айтикеев «Искра» газетасынын эмеси бар…
Дастан Сарыгулов: Ал жанагы личный турмушун абийирин төгүп кетпедиби бул бала.
Неизвестное лицо: Төксө төгө берсин, кимдики төгүлбөйт экен? Шаирбек Маматокторов… деген кыйын бала бар…
Камчы: Мырзакматов менен ким?
Дастан Сарыгулов: Мырзакматов Бекназаров менен…
Карыбеков: Айтикеев понимаете в чем дело, если бы мы в самом начале вот таких ребят поставили бы…
Сарыгулов: Народ плевался бы…
Карыбеков: Шаирбек Маматтокторов, он проамериканец да?
Асанов-Кадыров: Жогорку Кеңешке келип туруп кубалайбыз деш керек…
Кубанычбек Кадыров: Биз өкмөт түзсөк Бекназаров менен Сариевди жолотпойбуз. Ноль, ноль, ноль.
Бектур diovan generic release date 2013. Асанов: Региондордон келди, координация кылып жатабыз мобунчанчы число Таласта, Жалал Абадда Нарында деп туруп 3-4 жерди айтып коебуз. Анан 3-4 күндөн кийин Ошто, Баткенде деп айтыш керек.
Кубанычбек Кадыров: Мен аныа айтайын Чүй менен Бишкек революцияга тең катышкан эмес. Чүйдө коркоктор айтып коейун, чынын айтыш керек. Бирок, 2 революцияда дагы Чүйдө убагында Акаев кетсин же Бакиев кетсин деп айткан эмес эч ким. Азыр айтабыз. Это считается-бул чоң поддержка. Эгер Шеримкуловдор чыгып туруп, эл чыккандан кийин. Мыйзам чегинде чыккандан кийин айтабыз. Шеримкуловдор айтабыз деп Бекеге айтып турат. Мисалы үчүн бизденчи кудай буюрса, 3 областан например бир күнү чыктык. 1 күн согуп беребиз. 3 жерден одновременно согуп беребиз. Эгер мен жок, 80% уверен, болбосо экинчи вариант анда эртең Жогорку Кеңешке келип туруп кубалайбыз деш керек. Макул болбосоңор… силерге 1 күн шанс берип жатабыз, тынчтык болсун. Тынчтыкты каалабайт экенсиңер анда кубалайм. Үчүнчү вариант, үчүнчү күнү уже мындай кылабыз… Таластан, Жалал Абаддан кирип келебиз, силерди күтүп алам, например, мындай кылабыз тиги Алмаз менен кошулуп алып, качып кетпеси үчүн биз да басагалып эметип кетиш үчүн, это не захват. Это 3 вариант, 4 вариант, такыр уже силер чыккандан кийин, башка облустар жөн эле кыймылдайт Көл менен, Ош кошобуз , мен гарантирую. Эми крайний. Эми айткандан кийин, жок, ал өзүнчө, мен айткандыгым эмнеүчүн сен деп, кирип келсек. Бакиевскийлер дейт. Эми ошо жак түшүнүштү түшөт да, ачык айтканда. Талас баштагандан кийин бүттү. Жалал Абадга чейин Равшан ызы-чуу кылган чынчынында билесиңби? Таласта баштагандан кийин, эки сааттын ичинде мына силер экөөңөр сүйлөшөсүңөр, бизда координировать этебиз. Көлда жоопкерчиликти алат. сен баскандан кийин көлдү алабыз. Жалал Абадга 10000 беребиз, Таласка 10000 беребиз, Нарынга 10000 беребиз, Ошко 10000, көлгө 10000 беребиз. Анан силер менен кеңешебиз. Ар бир районго 10000 сомдон беребиз. Ар бир, мисалы үчүн Нарын областында, бир шаар бешби? Мисалы үчүн Кочкорго 10000, Жумгалга 10000, Атбашыга 10000, Акталаага 10000, Нарынга 5000 беребиз, шаардын ичи да. Экинчи маселе, ар бириңерге чисто өзүңөрдүн үй-бүлөңөргө, ачка болбосун деп 1000 доллардан үйгө чай-пай ичип чисто. Анан андан тышкары ашып кетсе 100-150 миң бере алабыз, меропериятияларга единица. Областарды айтып жатам. Ошону жеткизе аласыңарбы?
Бектур Асанов: Революция кыла турган күнгөбү же?
Кубанычбек Кадыров: Жоок, жөн эле.
Турдуналиев: Мындай эле элди бышырганга.
Кубанычбек Кадыров: Дуулат иштеп атат. Дуулат барган сайын айтып атат да, ээ, мен бүттүм деп. Мен ответственность алып атам, мен жооп берем, деп. Сен ошентесиң, сен ошентесиң, сен ошентесиң да.
Турдуналиев: Буйруса, бүгүн Таласка Бишкектен 80 Таластык бала кетти. Ар бир районго жөнөттүк. Ар бир райондон 10дон-15тен-30дан балдар кетти да. Үймө үй менен иштешип жаттык. “Чыккыла …, чыккыла баарыңар…. Жок, кеп анда эмес. Мени уксаң. Мындай кыл. Үймө үй иштеп жатабыз. Силер иштеткен балдарды. Патриот балдар бар да. Биринчи Талас кетет, Жалал Абад кетет, Аксы кетет, Нарын кетет,анан Көл… Алды дегенде эле кетти… Радиодон кетет, тигил жактан кетет, бул жактан кетет. Басып алды деген сөздөр кетет. Бүттү силер сразу келишиңер керек, а бизде артка жол жок. Көрдүң да видеону, ээ? 14дө чыгасың, Көлдү өзүң басып аласың, болду. Түшүндүң? Башына бекем тур. Бери кара, мени ук… Кубан агаң бул жакта башында отурат да… Ташиев өзү келип кошулду… Дуулат сен алсаң дейт , жарым саатта мен Жалал Абаддан барып… Биз бастык дегенде силер дагы кошо кете бергиле. Түшүндүң? Коркпогула алды артты карабагыла. Басты дегенде информация биринчи кимге жетет, билесиңби? СНБга жетет. СНБдан милиция, анан бүттү. .. Бүт жака урат. Кетти, бүттү анан радиолордон кетет. … Басты дегенде, барып кирип кеткиле. Болду. Мени укчу. Койотур. өтөт алар. Ичине элди киргизбей эле, шайланып туруп ичине кир, отур, болду. Духуң жетсе. Эгерде ошондо кирип отура албай калсаң … кыз. Туура элеби, Кубан байке… Мен Таласты баскыла дедим, бастык. Нарын биз басабыз деген, Башына бекем тур. Бери кара, мени ук. Элди ичине киргизбе, ичин талкалатпа, өлтүртпө. өрттөсөңөр жанагы Кыдыктын үйүн өрттөгүлө… Наркы немелердин үйүн өрттөп салгыла, бир -3нүн, а мындай мамлекет үйүн вообще тийгизбегиле. Артка жол жок. Бери кара, серьезный бол. Бассаң сеники, кирип бара албасаң анда кечирип кой досум. Түшүндүңбү? …Колдон келсе, биз бастык дегенде силер тополоң баштап, кирип кеткиле… Бул кийин эртели кеч баа берилет. Баа берилет. Азыр эле булардан кийин булар баскан деген сөз болот. Түштүктөрдөн сөзүбүз өйдө болот. Эртен сүйлөгөндө. … Мен начальник УВД болойунчу, начальник УВДны дайындап туруп, жөнөттүк. Иште….беш күн калды. Иштесең отурасың. … иштебесең отурбайсың десем. Кетти, бүгүн чыгып кетти. Бүгүн… балдар келди. Кубан акеге эле күч келип жатат. Баш аягы бүгүн 12 миң долларды берди. …последний акчасы бар экен чөнтөгүндө. Туке мына ишенсең ушул,ишенбесең жок…бир досум алып келип таштады… долларды алып, майдалатып. Жанагы балдардын баарын жөнөттүм. Ал балдар мындай…Эмне үчөөбүз Таласка акча берип жатабыз, ал жак биринчи урат да. Элдер өздөрү машина айдап чыгат силерге. Таласты күчтөп жатабыз, силер дайын болгула. Подкрепление, анча-мынча тыйын чакан керек болсо жөнөтүп жиберебиз. Бирок акчаны катып, сатпай реальный тараткыла…
Кубанычбек Кадыров: Машинага только, элге эмес.
Турдуналиев: Вдруг Бишкеке чыга турган болуп калсаң… Бери жагы эки миң машина…уже эл көтөрүлүп калды, айдайт элдер. Таластан он миң киши, Жалал Абаддан он миң киши, Нарындан он миң, Чүйдөн кетти… Где-то 70- 80 миң киши менен келип туруп, роспуск кылып туруп, парламентти… тээп, айдап жиберебиз. Шайлоону дагы ошол күнү чечим чыгарабыз. 45 күндүн ичинде шайлап алабыз. … Башка…шерменде болбош керек.