Домой Маек Дамира НИЯЗАЛИЕВА, коомдук ишмер: “Кыргызстаныбызга ылайым эле ыймандуу, адилеттүү президент буюрсун”

Дамира НИЯЗАЛИЕВА, коомдук ишмер: “Кыргызстаныбызга ылайым эле ыймандуу, адилеттүү президент буюрсун”

126

  2014-12-24_19-52-00_444536     

  — Дамира Абазкановна, КСДПнын саясый кеңеши президенттик шайлоого жалгыз талапкер катары өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду сунуштады. 15-июлда бул чечим КСДПнын курултайында бекитилет экен. Партиянын бул кадамы туура эле болдубу?

— КСДП саясый кеңешинин бирдиктүү талапкер боюнча чечими абдан туура болгон. Анткени, 2-3 талапкер көргөзүлсө партиянын ичиндеги  ынтымакты ыдыратып, баш-аламандыкка алып келмек. Албетте, “Президент болом” деген амбиция бүгүн кимде гана  жок? Бирок, андай адам өзүнүн потенциалына, кадыр-баркына саресеп салып,  “Мамлекетти башкарууда ийгиликтерге жетүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрүм, идеяларым бар, ушул убакытка чейин эмнени кыйраттым, улуттун лидери болуш үчүн тажрыйбам жетеби, эл алдына чыкканда кайсы ийгиликтериме, жакшы жыйынтыктарыма токтолом?”, — деген көптөгөн суроолорго жооп издешсе туура болмок. Тилекке каршы, “баланча акчам бар, добуштарды сатып алам” дегендер да жок эмес. Бирок, акчасына ишенген, салмагын туура баалай албаган талапкерлердин  «фиаско» тартып  калыш коркунучу өтө чоң.

—  Сиз КСДПнын көп жылдан берки мүчөсүсүз. Сооронбай Жээнбеков да көп жылдан бери ушул партия аркылуу саясый карьерасын жасап келет. Деги эле өкмөт башчысын канча убакыттын бери билесиз, бул кишинин тажрыйбасы, деңгээли президенттик кызматка туура келеби? prednisone online overnight.

—  Сооронбай Шарипович Союз мезгилинде  карапайым мугалимден совхоз-колхоздун башкармасына чейин жетип, андан кийин саясатта тез өсүп, ийгиликтүү карьера жасаган. Жогорку Кенештин 3 чакырылышынын депутаты, министр, губернатор болду. Учурда премьер-министрлик кызматты ийгиликтүү аркалоодо. Теги жакшы,  көп балалуу, тартиптүү, билимдүү үй-бүлөдөн чыккан. Жээнбековдор  ынтымактуу, карапайым, улууну урматтап кичүүнү сыйлаган, күжүрмөн иштерман катары элибизге таанымал. Бир сөз менен айтканда, Сооронбай Шарипович  президенттикке татыктуу жана дайындыгы бар кадр. Муну мен эле эмес элдин баары билет.

—  Учурда бийликти сындаган айрым саясатчылар КСДПнын ынтымагы кетип, президенттик шайлоодо ич ара тартышып жатканын кабарлоодо. Чын эле партияда ырк кеттиби?

—  Ырктары кетип атат деген  чындыкка дал келбеген маалымат. КСДП – тарыхы бар, көп жылдан бери саясый аренада биринчиликти бербей келе жаткан партиялардын бири. Ысыгына да, суугуна да чыдаган партиянын  мүчөлөрүнө ынтымак, стабилдүүлүк жана тартип – бул өтө ыйык нерсе болуп саналат. Бул ыйык нерселер өсүү-өнүгүүнү жараткан негиздөөчү эреже экенин жакшы билишет. Партиянын ийгилиги, жеңиши кээ бир майда-чүйдө интрига, оюндардан, амбициялардан бийик болуш керек! Бир-эки адамдын пикири баардык партиянын жагдайын, абалын белгилебейт.Чоң саясый кырдаалдын алдында  КСДП мүчөлөрү белдерин бекем бууп, бирдиктүү фронт менен күрөшүүгө дайындалып жаткан кез. Бүгүн КСДПнын максаты – сөзсүз жеңишке жетүү.

—   Президенттик шайлоо боюнча кандай божомолуңуз бар? С.Жээнбеков биринчи турдан жеңип чыгышы мүмкүнбү?

— Менин оюмча, Жээнбековдо биринчи турдан эле жеңишке ээ боло турган толук  мүмкүнчүлүктөрү бар. Элибиздин маңдайына ылайым эле Аллахым ыймандуу, адилеттүү президентти буюрсун.