Домой Саясат Мадумаровго пиарщиктин кереги жок.

Мадумаровго пиарщиктин кереги жок.

51

1398653298_adahan-madumarovПарламенттин төрүндө отуруп, элдин көзүнө чоң болуп мактангысы келгендердин, ажо болуп калктын камын көрсөмбү дегендердин акчасы самандай сапырылып жатканы чын. Ошол байлыгына таянып көкүрөгүн чапкылап жүрүшөт да баччагарлар! Ал эми жалгыз костюм,шымын күнүгө үтүктөп кийип жүргөн акылдуулардын каражаты тартыш болгонунан депутат,же падыша боло албайт. Мээси иштегени менен андайларды олигархтар мойнунан жип байлап артынан ээрчитип алышат. Анткени ашказан “философиясы” ошого мажбур кылат. Мурдун балта кеспегендердин айла жок кылык-жоругуна чыдоого туура келет. Азыр бардык маселе акчанын бирдиги менен чечилип калды.          

Ушул жумада  “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он экинчи сьезди болуп, келген делегаттар бир добуштан Адахан Мадумаровду ажолукка талапкер кылып көрсөтүштү. Анчалык деле буркан-шаркан түшкөн нерсе байкалбады. Төбөсү көрүнгөн коомдук ишмерлер бажактап сүйлөгөн жок. Болгону Акматбек Келдибеков менен куудул Рахман Разыков катышып, сөз сүйлөштү. Басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн бул сьездде башкача жыт сезилип турду.  Ошондо лидердин бир кытыгылуу кеби бүйүр кызытты. – “Байлыгына чиренген олигархтар, же лидермин дегендер башка жактардан пиарщик жалдаганды модага айландырып алышты. Пиарщик деген өтө кымбат бааланарын деле билебиз. Бирок, мен андай пиарщикке  мурдум бүткөн эмес. Чаткалда, Ошто, Баткенде эл алдына чыкканда кантип сүйлөштү мен алардан үйрөнбөйм.  Жаштар менен болгон жолугушууда кандай кийиништи, элеттиктерге кантип жагынышты  ушулардан сурагым да келбейт. Өмүрүмдө  пиарщик жалдаган эмесмин.Эң башкысы оболу өзүң, анан кийген кийимиң айткан ойлоруң таза болушу керек”.

Ырасында бул кепте чындык жатат. Жакшы сапатты баалаш, же көз кырынан кетириш  өзүбүзгө байланыштуу. Дайыма акчалуу лидерлер, же жарышка түшүүнү каалаган байлар өздөрүнө пиарщикти жалдашат. Эми ошолордун сунуштары биздин менталитетке дал келеби десең?  Алысты көрүүгө жараган, салабаттуу жүргөн саясатчыга ириде акылдуу стратегиялык пландар жаралышы кажет. Баягыл эле эски өпкө какмайлардан эл деле жадап бүттү. Андан көрө ошол пиарщикке кеткен каражатты  кырсыкка кабылгандардын көпүрөсүнө, шыйпырына, мыгына чыгымдаса оң болмок. Бирок, мен башкалардан өзгөчө кийинип эл алдына чыгам деген амбиция мындай сунуштун тегерегинде ой жүгүртүүгө тоскоол болору турган иш. Биз мактанганды, анан мактоо укканды өлө жакшы көрөбүз. Ашыра боенгон, чоектоп сүйлөгөн, ийнеликтей ипичке пиарщиктердин жанында жүргөндү башкача баалаган тың чыкмалардын жосундары кокого жетти. Анан болбой эле ошолордун чачпагын көтөрүп каларыбызга не дейбиз?

pastillas para ereccion masculina.