Домой Саясат Бүгүн шаардык сотто «Бүтүн Кыргызстандын» арызы каралат

Бүгүн шаардык сотто «Бүтүн Кыргызстандын» арызы каралат

137

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы доо арызын карайт.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага себеп катары «съезд учурунда партия мыйзам бузган» деген жүйөө келтирилген.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын бул чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.