Домой Аналитика «Ишеним жана биримдик»: ѳкмѳттүн программасы жемишин бере баштады

«Ишеним жана биримдик»: ѳкмѳттүн программасы жемишин бере баштады

80

      SAB_0698

cialis fast.
2010-жылдан бери карай эле алганда жыл сайын өкмөт башчысын алмаштырып келдик. Айрым премьер-министрлер бир жылга да жетпей калып атты. Бул кызматка дайындалып атканда сүйүнүп келгендердин көбү кетип атканда ар кандай сын-пикирлерге кабылып, күйүнүп кетип атышты. Ар бири жаңыдан кызматка келгенде өздөрүнүн өкмөттү кандай башкара тургандыгы, кандай иштерди жасай тургандыгы тууралуу программасы менен келишти. Бирок, эмнегедир ошол өкмөт башчылардын дайындалаар алдындагы программасы эмне болгондугу көп өтпөй эле унутулуп калчу. «Баягы программаң эмне болду?» деп деле кызыккан жан болчу эмес. Мына ушундай кайдыгерлик, программаны жөн гана кызматка келердин алдындагы «шпаргалкага» айлантып алуу өнөкөтүнө Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөт кыязы чекит койду окшойт. Анда кепти башынан баштайлы.

2016-жылдын ноябрь айында кыргыз өкмөтү «Ишеним жана биримдик» аттуу программасын кабыл алган. Бул программа бир нече приоритеттүү багыттардан турат. Мисалы, аткаруу бийлигинин ачык-айкындуулугу жана иштиктүүлүгү, макроэкономикалык стабилдүүлүктү жана экономиканын өсүшүн камсыздоо, айылдарды, кичи шаарларды жана эмгек рыногун өнүктүрүү, коомдук коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо. Ар бир багыттын өзүнүн милдеттери жана ориентри бар жана алар жөн гана декларациялуу мүнөздө эмес, көйгөйлөрдү так көрсөтүп жана аны чечүүнү же максатка жетүүнүн жолун так көргөзөт.

Өкмөттүн бул планы туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга да үндөшөт, таянат. Программада жакынкы убакыттарда «өкмөттүн ишмердүүлүгү экономикалык өсүүнү, мамлекеттин финансылык стабилдүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында улуттук кызыкчылыктарды сактоо менен интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча комплекстүү чараларды өткөрүүнү камсыздоого өзгөчө акцент жасайт» деп конкреттүү жазылып турат. Мындан сырткары өкмөт өзүнүн күчүн калктын жашоосунун туруктуу жакшырышына, экономикалык өсүштүн стабилдүү темпине жана бардык социалдык милдеттемелерди аткарууга да багыттайт.

План боюнча жакынкы перспективада мамлекетибиздин ИДПсынын жылдык орточо реалдуу өсүүсү ЕАЭБ мамлекеттери боюнча ортосо көрсөткүчтөн ашат. Евразиялык экономикалык комиссиянын методикасы жана сунуштамасына ылайык жылдык орточо өсүү 5%ка чейин болот. Ал эми инфляциянын жылдык орточо деңгээли 5-7%дын ортосунда, ИДПга бюджеттин дефицити 5%дан жогору болбошу керек. Бул пландын жөн гана кагаз жүзүндөгү документ эмес, реалдуулук экендигине мамлекетибиздин экономикасындагы 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы көрсөткүчтөр толук мисал болуп бере алат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан 2016-жылы түптөй алган экономикалык өсүштөгү оң динамиканы сактай алды. Тагыраак айтсак, өткөн жылдын августь айынан тарта өлкөбүздүн экономикалык көрсөткүчтөрү өсө баштаганы билинген. Ал эми жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөбүз ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку экономикалык көрсөткүчкө жетишти, башкача айтканда 3,8%ка өсүш болду. Мына ушул эле оң тенденция 2017-жылдын башынан тарта уланып келет. 2017-жылдын январь-июнь айларындагы ИДПнын өсүшү 6,4%ка жетти. Мындан сырткары 2016-жылы Кыргызстанда ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин ичинен эң төмөнкү инфляция болгонун, бул үчүн республикабызды жадакалса Эл аралык валюта фонду да сынга алганын айта кетишибиз керек.SAB_7069

Кыргызстан ЕАЭБке мүчө катары кирердин алдында көптөгөн сындарга кабылган. Бирок, кыргыз бийлиги бул биримдикке кирүүнүн натыйжасында көптөгөн оң таасирлер боло тургандыгын алдын ала билишкен. Биримдикке кирердин алдында биринчи орунга улуттук кызыкчылыктар коюлган. Бул интеграциялык бирикмеге мүчө болгонубуздун алгачкы оң таасирлерин Кыргызстан үстүбүздөгү жылы ала баштады. Маселен, 2017-жылдын алгачкы беш айында ЕАЭБ өлкөлөрүнө соода-сатык кылуунун көлөмү бир топ өстү, анын ичинде мамлекетибиздин биримдиктеги өлкөлөргө жасаган экспорту 29,3%ка өскөнүн айта кетели. Ошону менен бирге биримдиктеги өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин да абалы бир топ жакшырып, анын натыйжасы алар өлкөбүзгө которуп аткан акча каражатынын суммасынан билинүүдө. Улуттук банктын маалыматы боюнча май айында эле эмгек мигранттары өлкөбүзгө 236,4 млн доллар которушкан. Анын 233 миллиону Россиядан которулган. Бул бүгүнкү күндөгү өтө чоң көрсөткүч.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын башынан тарта чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибизден которулган акчалардын суммасы 851,5 млн долларды түзгөн. Мындан сырткары кыргыз өкмөтү Россиянын тиешелүү структуралары менен жеңил-желпи укук бузуулар менен «кара тизмеге» түшүп калган кыргызстандыктарды ал тизмеден чыгаруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБдин алкагында жигердүү иш-аракеттеринин натыйжасында Казакстан менен чек арадагы фитосанитардык текшерүүнү алып салуу маселеси чечилди. «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркечтам» өткөрүү пунктарын жана жети ветеринардык-текшерүү өткөрүү пунктарын керектүү жабдуудар менен камсыздоо ишке ашты. Мындан сырткары дагы сегиз өткөрүү пунктун мамлекеттик бюджеттин эсебинен куруу жана жабдуулоо боюнча иш жүрүүдө. Ошондой эле 30 аккредитацияланган лабороториялар жана сертификация боюнча 9 орган ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирди. Каракол, Балыкчы, Баткен жана Таласта бирден ветеринардык лабороториялар ачылды. Мындан сырткары дагы 12 ветеринардык лабороторияларга капиталдык оңдоолор жасалууда. Иштеп турган дагы 28 ветеринардык лабороториялардын ишин оптимизациялоо боюнча иштер жүрүүдө. ЕЭКтин реестрине жалпысынан Кыргызстандын 28 өндүрүшчүлөрү киргизилди.

“Ишеним жана биримдик” программасын жүзөгө ашыруунун алкагында конкреттүү тапшырмаларды коюу менен кыска мөөнөттө кирешенин өсүшүнө жана бюджеттин толушуна гана жетишүү эмес, социалдык жакка багытталган бир катар чечимдерди кабыл алууга да мүмкүнчүлүк болду. Алардын катарында мамлекеттик ипотекалык кредттөө программасы боюнча ипотекалык кредиттердин пайыздык үстөгүн төмөндөтүү жетишилди.

Өкмөттүн планында “Жеткиликтүү баада турак үй” программасын өнүктүрүүнү улантуу жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге жана калктын башка катмарларына жеткиликтүү баада ипотекалык кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн берүү да бар. Өкмөт мындай камкордук мыкты адистердин потенциалын мамлекеттин пайдасы үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет деген ишенимде.

Айыл чарбасы жана айыл чарба өндүрүшчүлөрү да өкмөттүн көңүл сыртында калган жок. Бүгүнкү күндө экономиканын бул секторун колдоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Мисалы, “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында 2016-жылы 13 246 кредит берилди, ал эми үстүбүздөгү жылы жарым жыл ичинде 3 млрд сомдук 8284 кредит берилди. Эми жакынкы убакыттарда бул долбоордун алкагында берилүүчү жеңилдетилген кредиттин суммасы 7 млрд сомго чейин көтөрүлүп, пайыздык үстөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн 6%ка чейин төмөндөтүлүшү пландаштырылууда. Өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана мал чарбачылыгына 10%дык үстөк менен берилет. Кредитти төлөө мөөнөтү бардык тармактар үчүн 36 айга узартылды.

“Кепилдик фонду” ААКсы түзүлүп, анын ачылышы менен чакан жана орто бизнес менен алектенгендер 340 миллион сомдон ашуун суммага жеткиликтүү кредиттерди ала алышты. Өкмөт мамлекетибиздин инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу багытында да аракеттерди жасоодо.

Региондорду өнүктүрүүнү колдоо максатында региондорду өнүктүрүү концепциясы, ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасы кабыл алынды. Андан тышкары шаарларды өнүктүрүү, инфраструктуралык түйүндөрдү, анын ичинде жаңы жолдорду куруу жана магистралдарды реабилитациялоо пландары бар.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси да өкмөттүн маанилүү приоритеттеринин бири болуп саналат. Жол кырсыктарынын санынын өтө көп санда болуп атканы да өкмөттү ойлондурбай койгон жок. Натыйжада жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тез арадагы уюштуруу-практикалык чаралары иштелип чыгып, жыйынтыгында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын саны кыскарып, жол эрежелерин бузуулардын санын аныктоо көбөйдү.

Мындан сырткары жол жээктериндеги мектептердин жанындагы жөө жүргүнчүлөр жана автотранспорттор үчүн жол сызыктарын чийүү жана жол белгилерин коюу иштери жүрүүдө. 2017-жылдын 20-августуна чейин тиешелүү иштерди жасоого 45 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Жыл аягына чейин 500 дөн ашуун мектеп жол кыймылынын коопсуздугунун техникалык шарттары менен камсыз болот.

Коррупция менен күрөштүн алкагында үстүбүздөгү жылдын алты айында кызматтык кылмыш боюнча 916 кылмыш иши козголду, бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 4,6%ка азыраак экендигин көргөзөт. Бул иштер боюнча келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы 339 млн 863 миң сом болсо, анын 93 млн 670 миң сому кайра мамлекетке кайтарылды.

Мына ушул жогоруда келтирилген фактылар, көрсөткүчтөр өкмөттүн бүгүнкү күндө жигердүүлүк менен иштеп атканын тастыктайт. Албетте, айрымдар өкмөттөн өтө тез арада жасала турган жыйынтыктарды күтүшөт. Бирок, сапаттуу жана натыйжалуу иш бүтүшү үчүн албетте убакыт керек болот. Бүгүнкү күндө өкмөттүн «Ишеним жана биримдик» программасы – бул бийликти да, коомчулукту да, бизнести да мамлекетти өнүктүрүү үчүн консолидациялоого аракет болуп саналат. Албетте, бул жакшы аракет, баардык маселе бир күндө чечилбейт, бирок тынымсыз эмгек акырындык менен өзүнүн натыйжаларын бере берет.