Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттаган жок.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттабоо сунушун бергени 3-сентябрда белгилүү болду. БШКнын мүчөлөрү 3-сентябрдагы жыйынында ал сунушту талкуулап, талаш-тартыштан кийин көпчүлүк добуш менен колдоду. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКны «саясий чечим чыгарды» деп сындады.