mail.by loc:br. Ар кайсы өлкөнүн падышалары бышып жетилген маселени чегине жеткирүүнү көздөп, буйруктарын чыгарып жатат. Маселен, тажиктердин эл башчысы сакал койгонду, капкара кылып хиджап кийгенди токтоткула деген буйругун чыгарды. Эми анын айтканы кандай аткарылат мезгил көрсөтөт. Кытайдын билерманы болсо эшектерди көздүн карегиндей сактап, атайын фермаларды уюштурууга элин үндөдү. Анткени эшектин сүтү, эти, айрыкча мээси миңден бир дарычылык касиетке ээ экен. Казактардын президенти болсо жай турмуштагы адамдар ажолукка талапкер болбой эле койсунчу деген пикирин бекемдеди. Кайдагы бир наристе баккан байбичелер да ойлонуп отуруп чоочугансып ажо болом дегени кайсыл сыйга татысын? Акыйкатта эл башчылар бекер жерден минтип сунушун киргизишпесе керек? Бир нерсени алтынчы сезими менен баамдагандар гана мындай батыл чечимин токушат эмеспи?
Биздин президентибиз да кетерине чейин бир маанилүү көйгөйдү чектеп койгусу келгенин кыйытыптыр. Көрсө ал көбүнчө калпычылыктан элибиз жабыр тартып жатканына кейийт тура. Ошондуктан калпычылыкты жоюу боюнча ташка тамга баскандай мыйзам киргизүү керек. Ошол талылуу маселени акырына чыгарууга кимдин шаасы жетет деген санаа жеп жатканы деле жашыруун эмес. Кудай аткырдыкы десе, калп айтпаган бир адамды табуу чоң маселеге айланганы эмнеси? Тигини айтса деле, мунусун көрсөтсө деле таза эмес болуп чыгып жатканы эмнеси? Деги соо киши калды беле? Айтор, муну уккан ак жакалуулардын жүрөгүнө адегенде кара кесек эт да кирбей көңүлдөрү айланып турган кез. Мейли, беш бармакты жебей койуп кутулсак болот, калпычылыкты кантип таштайбыз деп нерви козголгондор көбөйүп баратыптыр. Эми ажобуз деле ак көңүл киши, балким ал оюнан кайра артка кайтаттыр ыя? Антпесе кыргыйдай алгыр далай жакын кишисинен айрылып калчудай…