Домой Саясат «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинен 3 талапкер чыкты

«Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинен 3 талапкер чыкты

102

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия кечээ, 29-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен 3 адамды чыгарды.

Тизмеден чыккандар:

Мусаев Люшер Лажалович;

Мамытов Нурлан Мамбетжанович;

Абдысатаров Айтбек Абдысатарович.

Мындай чечим «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

Люшер Мусаев партиянын тизмесинде №19, Нурлан Мамытов №96, Айтбек Абдысатаров №112 орунда болчу.