Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун демилгеси менен «Бишкек форумунун» 2-отуруму болуп өттү. Бул форумда Евразия айдыңындагы саясый кырдаал жана анын Кыргызстанга таасири талкууланышы керек болчу. Жыйынга Бегалы Наргозуев, Өмүрбек Суваналиев, Артур Медетбеков, Мукар Чолпонбаев өңдүү өздөрүн оппозициячыл катары көрсөткөндөр, Баяс Турал, Жумакадыр Акенеев, Кадыр Кошалиев, Алманбет Матубраимов өңдүү жана башка коомдук ишмерлер катышты. Форумдун модератору болгон Адахан мырза өткөн жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо марага жетпей калганынын себебин эми Евразиялык айдыңда социалдык-экономикалык жана коомдук-саясый процесстерде стабилдүүлүктүн болбой жатышы менен байланыштырып жиберди. Тактап айтсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы учурда Евразиялык айдың түрдүү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясый процесстерде стабилдүү эмес зона болуп жатканын көрсөттү», — дейт. Кызык, бул жерде республикабызда болуп өткөн шайлоо менен Евразиялык айдыңдагы кырдаалдын кандай тиешеси бар? Же Мадумаровдун партиясы шайлоодон өтпөй калса эле, ага бардык кырдаал таасирин тийгизген боло береби? Мындан сырткары, ушул эле форумда «Мекен ынтымагы» партиясынын өкүлү Г. Исаков менен Европа-Азиялык изилдөөлөр Борборунун директору А.Русаковдун ортосунда Россиянын СУ-24 самолётун Түркия тараптын атып түшүрүшү боюнча пикирлери кайчы келип, өз ара сөз талашып алышты. Г.Исаков Россия тарап бул окуя боюнча эч кандай далилдерди келтире албады десе, А.Русаков бардык далилдер ММК жана интернет булактарында бар экендигин билдирди. Ал эми Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев жана Алманбет Матубраимовдор АКШнын жүргүзүп аткан саясатын мактоо менен чектелишти. Алардын пикиринде, Америка түрдүү өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстандын саясый жана кономикалык абалын Бажы союзунун курамындагы мамлекеттердин ортосундагы карым-катыш алкагында жакшыртуу саясатын жүргүзүп атыптыр. Кызык эле пикир бекен? АКШ ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин абалын жакшыртуу саясатын жүргүзүп жатабы, же тескерисинчеби? Буга бүгүнкү күндөгү бул курамдагы мамлекеттердин ичиндеги экономикалык оор кризис эле татыктуу жооп болуп береалат. Нефтинин баасын атайылап түшүрүү, биринин артынан экинчи санкциясын киргизүү сыяктуу саясатты колдоо көрсөтүү саясаты деп түшүнөбүзбү? Же жогоруда аттары аталган үчөөнүн түшүнүү деңгээли ушундайбы? Бул форумга катышкан экономист, коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев өлкөбүздүн экономикалык абалын жакшыртуу максатында туризмди өнүктүрүү жана пайдалуу кендерди иштетүү үчүн эл аралык инвесторлорду тартуу зарылчылыгын белгиледи. Албетте, бул жакшы пикир. Ачыгын айтканда, кыргыз өкмөтү да дал ушул багытта иш алып барууда. Муну форумга катышкан Наргозуев менен Суваналиев да колдоду. Бирок, бир гана нерсе түшүнүксүз. Эгерде Суваналиев менен Наргозуев кыргыз экономикасын өнүктүрүү үчүн кендерди иштетүүнү колдошсо, анда неге айрым кендерди иштетүүгө каршы жасалган митингдердин артынан кулактары көрүнүп калып атты? Же эл алдында башкача, көшөгө артында башкача иш жасай беришеби? Айтор, Мадумаров уюштурган бул форум деле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн саясатта бар экенин көрсөтүп калууга гана багытталган иш чара экендигин көрсөтүп койду. Бизге азыр өздөрүн көрсөтүп калууну көздөгөндөр эмес, чындап иштей тургандар, болгондо да өздөрүн пиарлабай иштей тургандар керек. Тил сайрай бергени менен иш жүрбөй турганын 25 жылдан бери карай жакшы эле баамдап калбадыкпы?
Азамат КаНгелдиев