“Бүтүн Кыргызстандын” “бүлдүргүчү” Адахан Мадумаров мындан бир канча мезгил мурун өзүнө Акаев менен Бакиев тууралуу суроо узатылганда, ал камырабай туруп: “Акаев менен Бакиевди урмат-сый менен Кыргызстанга алып келем” деп айткан эле. Аны жалпы коомчулук жакшы билет. Жакында журналисттер ага ошол сөзүн эске салып, суроо узатканда: “Иним менин оозуман андай сөз чыкпайт, мен антип айткан эмесмин” – деп так секирди. Ал эми далил катары интернетке айткан сөзүн чыгарышты. Ошондо деле ойкуштап-кайкыштап танып жатат. Деги эле Адахан Бакиевдерди абдан жакшы көрөт, үгүт башталардын алдында да “ Бакиевдердин эмгеги элге ушунчалык өткөн” – деп айтты. Кандай эмгеги өттү эле. Элин атыппы ? Же Мадумаров спикер кылып, анын колу менен казактарга “Каркыраны” карматыпбы? Дөдөйлүк, маӊкурттуктун да чеги болуш керекпи акыры… Кызыталактыкы десе…
Булак: Багыт гезити