Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ачылган кылмыш иштин алкагында, Акаевге 1992-жылдагы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди түзүү жана 2003-жылдагы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча шалаакылык, бийликти же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга катышууга айып тагылган.
Белгилүү болгондой, иш кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жабылды.