Домой Саясат «Шопурдун” жүрөгү ооруп жатат…

«Шопурдун” жүрөгү ооруп жатат…

136

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканада дарыланууда. Ал кардиология бөлумүндө дарыланууда. 2019-жылы 30-октябрда Октябрь райондук соту И.Илмияновду алдамчылык беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салган. Ошондой эле ал келтирилген 10 млн. 397 235 сом чыгымды толугу менен төлөп берген.
Экинчи инстанциянын өкүмү менен Илмияновго карата «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрел революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзам колдонулган. Илмияновдун жаза мөөнтү 1/3кө, тактап айтканда 8 ай 2 күнгө кыскартылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылы 20-октябрда башталып, 2021-жылы 1-декабрда аяктамак.
Ал 21-июлда Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка которулган.Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов 150 миң доллар алып, Беларусь Республикасынын «Дизель комплект» компаниясынын камакка алынган «БелАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташыган 12 унаасын камактан чыгарууга жардам берген. «Дизель комплект» компаниясынын жетекчиси — Беларусь Республикасынын жараны Николай Грамович. Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында кармалган.

 

Булак: Багыт гезити