Домой Аналитика Кыргыз сому «Кумтөргө» байланганбы?

Кыргыз сому «Кумтөргө» байланганбы?

242

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңеште депутат Мейкинбек Абдалиев «Кумтөр» боюнча маселе көтөрдү.

«Кумтөр» боюнча чечим чыгарып бердик. Мурунку президент Аскар Акаев «биздин сом «Кумтөргө» байланган» деп маалымат берди. Соттук процедура башталган кезде канчалык деңгээлде коркунуч бар?», — деп депутат Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон сурады.

Абдыгулов: «Сом «Кумтөргө» же башкага байланган эмес» деп жооп берди.

Депутат: «Сиздин сөзүңүзгө караганда, мурунку президент калп айттыбы?» деп сурады.

Абдыгулов дагы бир жолу сом эч нерсеге байланбаганын билдирди. «Аскар Акаевдин маегин көргөн жокмун. Соттук процедуралар сомдун курсуна түздөн-түз таасирин тийгизбейт», — деди ал.