Домой Саясат Логика өлгөн жерде… Арыдан-бери болгон жакшы эмеспи

Логика өлгөн жерде… Арыдан-бери болгон жакшы эмеспи

64

Турат АкимовЖурналист Турат Акимовго кол салуу окуясы азыр бүтүндөй Кыргызстанды каптап турат. Журналисттин айтуусунда бул кол салууну Ички иштер министри Мелис Турганбаев уюштурган экен. Бул маалыматты уккандардын көбү журналисттин асмандын ары жагынан алган “чындыгын” күлкү катары кабыл алып жатышат.

Эгерде Мелис Турганбаев Акимовду өлтүргүсү келсе, колуна арматура карматып, кайдагы бир келесоону жумшамак беле?! Ооба, Турат Акимов көптү билген журналисттердин бири. Аны менен бирге бул журналисттин баскан жолуна саресеп салсак, жалаң эле терс иштердин артынан кууп, бирөөлөрдүн аброю менен акчасына шек келтирип жүргөндүгү дааналанат. Кийинки күндөрдө ИИМ министри Мелис Турганбаевди каралоо процесси байма-бай уланууда. Бирок, ошол процессти уланткандар Мелис мырзанын мыкты профессионал, эч кимге сатылгыс атуул экендигин билбей жатышат. Мындай маселеде арыдан-бери болгон жакшы эмеспи.