Домой Спорт Мелис Турганбаев спорттук күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды

Мелис Турганбаев спорттук күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды

30

Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш федерациясына жаңы президент шайлады. Кечөө федерациянын кезексиз отчёттук-шайлоо конференциясы өтүп, анда бюро мүчөлөрү бир добуштан Мелис Турганбаевди 2024-жылга чейин президент кылып шайлашты.

Конференцияга республикабыздагы спортчулар, машыктыруучулар, кыргыз күрөшүнүн ардагерлери, КРнын дене тарбия жана спорт агенттигин алдындагы олимпиадалык спорт түрүнүн дирекциясынын жетекчилиги жана башкалар катышты.

Эске сала кетсек, генерал Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча СССРдин чемпиону, СССР спортунун чебери. Азия күрөш кеңешинин куратору. КРнын эркин күрөш федерациясынын президенти. «Даңк» жана «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» мамлекеттик сыйлыктардын ээси.