29-сентябрда Бишкек шаар сотунда эркин журналист Зулпукар Сапановдун апелляциялык даттануусу каралат. Бул тууралуу Сапановдун адвокаты Бабыржан Жээнбеков «Азаттык» радиосуна билдирди.
Журналист Зулпукаар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлери «диний кастыкты козутууга багытталган» деген негизде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Төрт жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган.
Сапановдун китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин айрым дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдиришкен. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл-эс, ыйман” коомдук фонду «китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат» деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Миң нускада жарык көргөн китеп толугу менен жок кылынган.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев журналистке чыгарылган сот өкүмүн «инквизицияга кайтуу» деп атап, Сапанов абактан бошотулушу керектигин айтып чыккан.
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин акыбалына тынчсызданган бир катар журналисттер жана айдыңдар Сапановдун дароо бошотулушун талап кылып чыгышты. Алар интернеттеги коомдук тармактар аркылуу райондук соттун өкүмүнө каршы пикирлерин билдиришти жана коомдук талкуу өткөрүштү. Алардын бир тобу бийликке жана сотко атайын кайрылуу даярдашты. Кайрылуу бүгүнкү сот жүрүмүндө сотко тапшырылмакчы.
Кыргызстандын Баш мыйзамында цензурага жол берилбейт.
Булак: Азаттык viagra availability.